ТҮЗ ЭФИР



24-октябрь, Шейшемби, 02:41

Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Анатай Өмүрканов: “Чындык үчүн чыңырганым чыңырган”.
Аудио угуу

Аалам кандай чексиздикке ээ болсо, поэзия да ошондой көз жеткис, ой жеткис ченемсиз аруу дүйнө. Демек, ал дүйнө эшигин каккылап, акын-жазуучулардын ички сырына ортоктош болууга баарыңыздарды чакырган «Жүрөк сыясы» уктуруусу обо толкунунда.

 

Чыгып кетсе чыгып кетсин чымын жан,

Чындык үчүн чыңырганым чыңырган.

Акындыгым сокур тыйын, бүгүнкү

Мезгил күүсү билинбесе ырымдан.

 

Канча акындын калк деп көзү жумулган,

Калыстык деп жулунганым жулунган.

Баатырлыгым кокон тыйын, эртеңки,

Кечээгилер көрүнбөсө ырымдан-деген чындыкты таамай белгилеп, эртеңки күндүн убайын тартып, акыйкат жолго чакырык таштаган ыр саптары белгилүү акын Анатай Өмүркановдун  ырларында кездешет. Демек, ардактуу радио угармандар бул чыгарылышыбызда сиздер менен Кыргыз Эл акыны, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, публицист, журналист Анатай Өмүркановдун ыр дүйнөсүнө баш багабыз. Чынында эле, Анатай агайдын поэзиясы ириде чынчылдыгы, тереңдиги жана салмактуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

 

БУЛУТТАР

Көр турмуштун көкөй кескен тардыгына,

Тобокел деп булут жылат тагдырына.

Кайдан келди? Кайда барат? Максаты эмне?

Эч ким билбейт, бүлөйт кайра жанды ырына.

 

Кылымдардан кылымдарга учуп барар,

Кучагында Кудуреттин кубаты бар.

Таңда ак да, түштө буурул, кечте кызгылт,

Саат сайын көйнөктөрүн которот ал.

 

Табийгаттын жан билбеген тилин билет,

Үмүт издеп үңкүрлөрдөн үңкүр кирет.

Сууну көрсө чоң атасын көргөн окшоп

Сүйүнгөндөн чагылганын чагып ийет.

 

Боор оорутпай боз түшүрүп бороон айдайт,

Жамгырыңды тамчы кылып ким дайардайт?

Тийген жерин тыйпыл кылган чагылганды

Күйүп кетпей кантип алып жүрөсүң айт?..

 

Чагылганды кантип издеп, алдың кайдан?

Ал эмне үчүн учуп кетпейт канатыңдан?

Сен эмнесиң? Же кимсиңби? Ачык айтчы

Сыйкырсыңбы акыл жетпей эс тандырган?

 

Эмнегедир сени көрсөм ич элжиреп,

Кылым кырккан сапарлашың болгум келет.

Кокус солуп бара жаткан чөптү көрсөм,

Жерди көрсөм, мен да сендей жамгырым сээп…

 

Бабалардай аста барып атып албайм,

Тике тиктеп тирүүлүктөн тилек арнайм.

Көрбөй калсам көңүл чөгүп капа болом,

Сенсиз өткөн өмүрүмө канааттанбайм.

 

Максатың не? Тобокел деп чыккандагы?

Учуп жүргөн жансыңбы же чыккан жаңы?

Чындан эле сен жан болсоң учуп барып,

Бизди билдир боордошторго ааламдагы…

 

Мына ушундай ыр саптарын жазган акындын өмүр бейнесине кайрылып өтөлү. Акын, публицист жана журналист Анатай Өмүрканов Талас областындагы Манас районуна караштуу Чеш-Төбө айылында туулган. Таттуу кыялдар менен арзуулар калган, тээ балалык кези дал ушул Чеш-Төбөдө өтүп, чыгармачылыкка шыгы мектепте окуп жүргөн мезгилде эле ойгонуптур. Бул тууралуу Анатай агайыбыз төмөнкүчө айтат.

 

Балалык чагы жана чыгармачылыкка аралашуусу

Ал эми 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң,  "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы, "Адабият" басмасында башкы редактор, 2000-2006-жылдары Кыргызстан басмасында бөлүм башчы, башкы редактор жана 2006-2007-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу.

 

“Мөлтүр сезим”

КУЛУН

Жек көрүп караба…

Күн чырай бу кулун,

Кыргыздын жана да

Күлкүсү тоолордун.

 

Жылт учуп кайыптан,

Жылдызга баратып,–

Таң атып капыстан

Калгандай адашып.

 

Шыйрагы упузун,

Анан да ипичке.

Укмушу укмуштун

Кишенеп жиберсе…

 

Суу акпай, булут да

Ордунан жылалбай,–

Токтолот саамга

Тоо демин чыгарбай.

 

Шыбырайт тоо тоого,

Болгонун шыбырайт.

Боз үйлөр жайлоодо

Куруттай жыбырайт.

 

Тык токтойт, чуркайт да,

Тикчийтет кулагын.

Ойлоном: «Кайакта,

Ушундай убагым»…

 

Жетсем деп куйунга,

Желпинет дердеңдей.

Балалык кулунга

Айланып келгенби эй…

 

Жүрөктөн кол эмес,

Жүрөктөн сылаймын.

Сендейлер көп эмес

Астында Күн, Айдын…

 

Көз, сөздүн жаманы,

Тийбесин кулунга.

Көргөндө мен аны,

Унтулат муңум да…

 

Айпери Кулбаева “Апам, ай”

Акын Анатай Өмүрканов агайыбыздын жазган ырларына көптөгөн керемет обондор жазылып, элибиздин жүрөгүнө жеткен терен мазмундуу кайрыктар аткаруучулардын аткаруусунда ырдалып жүрөт. Жогорудагы, ырчы Айпери Кулбаеванын аткаруусундагы “Апам ай” ырынын сөзү да агайыбызга таандык. Ал эми мындан башка обондуу ырлары тууралуу акын мындайча белгилейт.

 

Самара Каримова - “Атама”

Негизи, кыргыз элинин поэзиясы өтө узак мезгилдерден бери эпосто, поэмада, ырда өнүгүп келген. Ырга мүнөздүү көрүнүштөр ыргак, муун, муунак, уйкаштык, строфа – поэзия чыгармаларын жаратуунун негизги касиети. Бул өзгөчөлүктөрдү мыкты түшүнгөн Анатай Өмүрканов агайыбыздын ар бир ыры окурманды тажатпай таза арыктан бурган суу кандай оңой агып кетсе, окурман дагы так ошондой жеңил окуп бүтөт. Дегеле, поэзия ааламы акындын көз карашында кандай кабылданат угалы.

 

Токон Эшпаев “Ак тилек”

«Жашоодогу жарык менен караңгы, жакшылык менен жамандык адамдардын ниетинен улам» дейт акын ырларында. «Күндөгү так» жыйнагындагы «Жан бузулбай жаратылыш бузулбайт» деген ырында:

Бөйрөк оюп бөөдө кырсык утурлайт,

Азан-казан атпай дүйнө ызылдайт.

«Жаратылыш бузулду» деп жар салба,

Жан бузулбай жаратылыш бузулбайт.

 

Алаамат күч муунткансыйт алкымдан,

Таш боор кылым кайт артыңа, кайт ылдам!

Бомба бардай мезгилдердин боюнда,

Акыр бир күн жарылууга калтырган, - деп, адам ниетинен өсүп чыккан кылым көйгөйүн, Жер тагдырын, ниетке жараша Табият-Күчтүн жазасын таразалайт. Мындан башка да жаратылыш тууралуу “Балгарт жайлоо” деген ырында төмөнкүчө жазылат:

 

БАЛГАРТ ЖАЙЛОО

Койлор, уйлар короосунан чыгат, чыкпайт,

Он метрдей оолактайт да оттойт, жуушайт.

Кере тоюп кепшегенди унтуп салган,

«Ити, куштан сак бол» деген ити да укпайт.

 

Кулак, мурун кескенге окшоп айлана тынч,

Боз үй жактан серең этет секелек кыз.

Жер экенсиң малың эмес, элиң эмес,

Чөбүң дагы, ташың дагы эстен чыккыз.

 

Түндү жарган түнкү дайра обон созбой,

Желаргы эмес бир желп эткен жел да сокпой…

Кара аскадан бала барчын канат күүлөп

Шаңшып койот эч ким менен иши жоктой.

 

Билбей калдым кайак Батыш, кайак Чыгыш,

Сабаа жарып сапырылат саамал кымыз.

Интернеттен мультфильм көрүп бапырашкан

Балдар менен кошо күлөт Бакыт, Ырыс.

 

Балгарт жайлоо шаңкайасың балкып, чалкып,

Жер каймагы сыйактанып калкып, аңкып…

Көркүң жанды көлкүлдөттү… олтурамын,

Демим тышка чыгара албай ичке тартып.

 

Ушул ууз сулуулугуң, улуулугуң,

Өөп-жыттап өтсүн уулуң, бардык муун.

Бир көрдүм да бир кылымга жашардым мен,

Билбей калдым кайда кетти кайгы-муңум.

 

Бул жашоого канааттанган калды сезим,

Мындан шаңдуу өтөт эми эрте-кечим.

Бүт жайлоонун ханына окшоп жатканың ай,

Көргөнмүн… деп мактана айтчу жер экенсиң…

 

А. Өмүркановдун тунгуч ырлар жыйнагы “Мөлтүр сезим” деген ат менен 1973-жылы жарык көргөн. Ага удаалаш эле “Чабалекей”, “Алтын өзөн”, “Күн жол”, “Бар бол”, “Биринчи кар”, “Жашыл арал”, “Жанкисе”, “Күндөгү так”, “Асмансыз жылдар” ж.б. бир нече поэтикалык жыйнактардын жана котормолордун автору. Дегеле, Акын деген төрт тамгадан турган сөз,

Аалам жиреп, өлбөстүктү курган сөз- деп дал ушул акындардын кол жазмаларында белгиленгендей, чындыгында акын, жазуучу айтор чыгармачылыктын оор түйшүгүн моюнга алып, бул жаатта эл үнүн, турмушун ыр аркылуу элге жеткирүү да бир топ татаал иш. Каарманыбыз озү филолог болуп, педагогикалык жаатта иштеп, ананда акын-жазуучулукту колго алып, андан сырткары журналист да болуп иштегенин айтпы өттүк. Анатай агай эмгек жолундагы журналисттик кесипти аркалап калуусунун да себеби бар экенин бизге билдирди.

 

Журналист эмесмин, бирок, бул тармактан чындыкты элге жеткирем

СЕН КӨРҮНСӨҢ

Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,

Сен жуунсаң – суу мас болот, жылалбайт.

Тамган тамчы кайра сени өбөм – деп

Бууга айланып буулуккансып улам жаайт…

 

Сага жоолук болсок дешет булуттар,

Сени мактап сайрайт бакта бүт куштар.

Көлдөн көккө бир секирип өзүңдү

Көрүп жыргап кайра чумкуйт балыктар.

 

Табияттай эң жөнөкөй, эң татаал,

Сыйкыры көп, сырлар арбын аялда ар,

«Кош!» айтышып кай тарапка баспасын,

Бардык тарап күтүп турат аны аяр.

 

Ким көрбөсүн бул аялды баскан жай,

Кубанышат жоготконун тапкандай.

Үйдөн чыгып үйгө баткан ал бир Күн,

Арзуу анда аягы жок асмандай…

 

Ай-ааламдын бетиндеги кызылы,

Карт дүйнөнүн кайталангыз кызыгы.

Кыска өмүрдүн кыскалыгын билдирбес

Ал керемет көргүң келген утуру…

 

Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,

Көрүнбөсөң көңүл түтөйт, ылаңдайт.

Уланышы мүмкүн ушул дайранын,

Бирок ушул дүйнө ушундай уланбайт.

 

Каарманыбыздын «Күндөгү так» жана «Асмансыз жылдар» аттуу жыйнактарында акын коомубуздагы бурулуш мезгилден кийинки оош-кыйыштарга, Атамекен, эл-журт тагдырына, бүгүнкү жана эртеңки муундун нарк-насилине саресеп салып, болуп жаткан реформага карата өз оюн ачык, даана билдирип жазат. Өткөң заман менен бүгүнкү заманды, ал адамдар менен азыркы адамдарды салыштырып кароого түртөт. Мындан сырткары анын туулган жер, эне, табият, махабат темасындагы ырларындагы тазалык, нукуралык окурмандын көңүлүн сергектентип, ырахат тартуулайт.

 

Омар “Энекем”

Урматтуу угармандар сиздер бүгүнкү “Жүрөк сыясы” уктуруусунда заманбап кыргыз акындарынын бири, эркин ой жүгүрткөнү менен айырмаланган публицист, Кыргыз эл акыны, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси Анатай Өмүркановдун ыр дүйнөсү тууралуу кененирээк маалыматтарга ортоктош болдунуздар. Арыбаңыз, агай! Калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн!

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

Монтаждаган Белек Култаев.

 



Уктуруулар

  • 07:00-09:00

    Ойгон шоу

  • 10:05-12:00

    Музыка

  • 12:00-13:00

    Чай үстүндө

  • 13:00-14:00

    Ыр маанай

  • 14:00-15:00

    Музыка

  • 15:05-16:00

    ЭлТР түз эфир Учур маселеси

  • 17:00-19:00

    Кечки учак

  • 19:30-20:00

    Бал тил

  • 21:00-22:00

    Ыр маанай

  • 22:00-22:30

    Ай жарык

  • 22:30-22:40

    Радио сериал

  • 23:00-24:00

    Музыка

  • 24:00-01:00

    Түнкү LINE

  • 01:00-07:00

    Кадырлуу түн


<< Октябрь 2017 >>
ЖШДШШШШРБШЖМИШ
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031