ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: «ЭРКЕКТЕРДИН АКЫЛЫ, АНДАН КИЙИН ЧӨНТӨГҮ МААНИЛҮҮ»

таарынам» деп ырдайт бул кыз. Чын эле бирөө ооруса да таарынып кала тургандай назик, үлбүрөгөн маектешим жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен бөлүштү. Бул жолу маек төрүбүздө Оштун сулуусу Жумагүл Раимжан кызы болмокчу.

– Жумагүл, борборго концерт бергени жатыптырсың, даярдыктар кандай?

– Борборго берип жаткан алгачкы концертим. Ош шаарында берип эле жүргөм. Айырмасы бар экен, башка ырчылардай менеджерлер менен иштешпейм. Андыктан уюштуруу иштери чоң иш экен. Буюрса, колдон келген аракетимдин баарын кылып концерт тартуулайын деп жатам.

– Ырчылык жолуң кантип башталды эле?
– Адамдын ары жагында угуту болсо, таланты болсо үйдө отургузбайт экен. Үй-бүлөмдө чыгармачылыкка аралашкан менден башка эч ким жок. Кичинемден ырдап, сынактарга катышып жүрдүм. Кээ бир адамга бат эле ийгилик, атактуулук келип калат. Мен болсо бул нерсеге улам бир кышты коюп жатып акырындап жеттим. Ырчылыкты маңдайыма жазган тагдыр деп билем. Эл алдына чыгып ырдап алсам кадимкидей жеңилдеп калам.

– Ыр тандап жатканда эмнесине маани бересиң?
– Ырды биз эл үчүн ырдайбыз. Андыктан элдин табитин эске алам. Мурун «ырдашым керек» деп эле ырдай берчүмүн. Азыр сөзүнө, обонуна, элге жеткире аларыма көзүм жеткен ырларды тандап калдым. Бир эле акынды же бир эле аранжировкачыны тандап алып иштешпейм. Чыгармачылыгымда ар түрдүү ырлар бар.

– Шоу-бизнести мен жунгли токою катары элестетем. Анда арстаны бар, карышкыры, түлкүсү бар дегендей. Бул жерде жашап кетүүгө сага ким, же болбосо кайсы сапат жардамчы болду?
– Туура айтасыз, баары бар (күлүп). Интригасы көп. Кээ бир учурда ырчылыкты таштап, башка нерсе менен алек болгум келет. Жардам берип, «сен мындай бас, мындай тур» деп акыл айткан адамдар бар. Бир канча пайыз эмгек, анан талант, өжөрлүк керек го. Ырчынын угарманы, жакшы ырлары болуш керек. Анан жашап кетүүгө шарт түзүлөт. Шоу-бизнесте кучакташып кеткен досум жок, өзүмө өтө жакындатпайм. Чайлашып, кучакташып, кечке эле ошону менен болуп кеткендер бар го, анте албайм. Менде дайым чектөө бар. Кайым айтышкан касым да жок. Баарына бирдей мамиле кылам. Менимче, ушул сапатым да мага жардамчы болду.

– Баарына чектөө бар экени сезилип турат. Табиятыңданбы же бир окуялардан улам чектөө барбы?
– Табиятымдан десем болот го. Токтоомун. Көпчүлүктү жактырбайм, азыркыга чейин уялчаакмын, тартынчаакмын. Кээде бир жерге барып, тартынып үйүнө кирбей кетип калган учурларым болгон. Шаан-шөкөттү сүйбөйм. Көп сүйлөбөйм. Кечелерге барып калганда баары эле «артист дагы сендей болмок беле, жоошсуң го» дей беришет. Айрымдар социалдык тармактарда кайсы жерге барганын, көйнөктөрүн, майда-чүйдөсүнө чейин эле сүрөттөрүн коюп, айта беришет. Мен анте албайм.«Инстаграм баракчасынан көп байланышка чыкпайсың» деп да айтып калышат. Мүнөзүм ушундай болсо мен артист болгонум үчүн эле өзгөрө албайт экем. «Өзүңдү пиар кыл, тигини кыл, муну кыл»деп да кеңеш беришет. «Болгонум ушул» деп коём андай учурда. Кээ бир адамдар тез жетилишет го. Мен кеч жетилгендердин катарында окшойм.

– Мисалы, сага бирөө келип «эпатаждуу кылып чачыңды алдырабыз, башкача боёнтобуз» деген сунуш кылса эмне кылмаксың? 
– Жок, андай нерсе мага жарашпайт. Андай кадамга барбайм. Ушундай боюнча эле калганым жагат.

– Өтө токтоо адам деле өмүрүндө бир жиндилик кылат, сен кылып көргөнсүңбү?
– Чектен ашкан эч нерсе кылып көргөн эмесмин.

– Жашооңдо из салган адам болду беле?
– Жашоомдо эң чоң из калтырган апам. Ар кандай абалымда, ар кандай маанайымда апама кайрылам. Акылын айтат, жол көрсөтөт. Кээде менин иштериме менден өтүп кайгырып алат. Эч ким энечелик күйбөйт, колдобойт.

– Анда мындай суроо берейин, жүрөгүңө из калтырган адам?..
– Жогоруда айткандай, кеч жетилдим. Сүйүү менен деле көп ишим болбоду. Биз эмнени пландасак да, Жараткан өзү билгендей пландап коёт экен. Көңүлүмө жаккан адам бар. Так маалымат айткым келбейт ал тууралуу. Маңдайга жазганын, буюрганын көрөбүз. 

– Сен үчүн эркектердин физикалык түзүлүшү маанилүүбү, же акылыбы, балким, чөнтөгү...
– Эркек адам чыныгы эркектик сапатка ээ болуш керек. Сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү болгонун баалайм. Демек, акылына карайм. Чөнтөгү да, албетте, маанилүү азыркы заманда.

– Үйү, иштеген иши, темир тулпары бар аялзаты дагы эмнелерди кыялданат болду экен? 
– Балалуу болууну кыялданат.

– Эмесе, концертиңди да кыялданганыңдай өткөрүп ал. Ийгилик!


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg
Булак:www.super.kg

<< April 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930