ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кайсы түстү жактырасыз?

Жашыл түс - жөнөкөй, назик, тирүү өң. Адамдарды эс алдыруучу түс. Жашыл - тынчтыкты, сүйүүнү жана коопсуздукту билдирет. Венера планетасына туура келет. Бул түстү Мексикада, Австралияда, Ирландияда жана Египетте жакшы көрүшөт. Кытайда жашыл түс - бай жашоону жана жаштыкты түшүндүрсө, Индияда - тынчтыктын жана үмүттүн белгисин туюндурат.

Көгүлтүр түс - абадай жеңил, муздагыраак, жөнөкөй, бир аз пассивдүү өң. Ал тазалыкты, акылды, туруктуулукту жана назиктикти түшүндүрөт. Бул өң кытайлыктар үчүн - траурдун, индиялыктар үчүн - чындыктын, бразилиялыктар үчүн - кайгынын түсү.

Көк түс - абдан муздак өң. Ал оор, катуу, сыйкырдуу жана таза.Бул түс алгач, ишенбөөчүлүк сезимин жаратат. Ал ааламды жана космосту түшүндүрөт, Юпитер планетасына туура келет.

Сыя -муздак, оор жана сыйкырдуу. Акылмандыкты, улуулукту жана жогорку акыл-эсти символдоштурат. Сыя Уран планетасы менен айкалышат.

Күрөң түс - оор, жөнөкөй жана бир аз күңүрт түс. Ал карылыктын белгиси катары саналат, Сатурн планетасына туура келет.

Кара түс - оор, муздак жана кайгылуу түс. Көптөгөн элдерде траур, ажал жана кайгынын символу.Кийимге болсо, салмактуу жана расмий көрүнүш тартуулайт. Жер планетасы менен айкалышат.

Ак түс - жеңил, муздагыраак. Адамга эс алдыруучу сезим чакырат. Баардык каранын түрү менен эң сонун айкалышат, Ай менен туура келет. Көптөгөн Европа өлкөлөрү үчүн ак түс - жаштыкты, тазалыкты жана энеликти символдоштуруп берет. Ал айрым Чыгыш мамлекеттеринде - Кытайда, Японияда траурдун жана коркунучтун түсү.

Белгилүү болгондой, түстөр көп нерсени түшүндүрүп, адам тууралуу дагы көп маалымат бере алат, же болбосо, биз адамдын кийип турган кийиминен анын учурдагы абалы тууралуу дагы кабар алсак, болот. Соңунда айта кетчү нерсе, өңдөргө көз каранды болбостон, кандай гана түстөгү кийимдерди кийбейли, ар дайым көңүлүбүз көтөрүңкү болуп, тегеребизге жакшы маанай тартуулоого аракет кылалы...

 

<< April 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930