ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

«CҮЙӨМ, БИРОК ЖЕК КӨРӨМ...»

Телевизор карап отурган сага тигилдим негедир. 6 жыл мурунку Самат жок, бир аз толуп, мүнөзүң токтоо тартып, көз карашың олуттуу болуп калгандай. Сүйөм да ушуну... Ичим элжиреп кетти. Кыз-жигит болуп жүргөндөгү элестер көз алдыма тартылды. 
Күздүн кайсы айы экени эсимде жок, бирок бизди окуу жайдан ишембиликке чыгарышты. Ар кайсы факультеттин кыздар-балдары аралашып университеттин тегереги жаандан кийинки козу карындай жыбыраган студенттерге толо болчу. Жердеги жалбырактарды жаңы эле тырмооч менен тырмап бүтсөм, жанымдан өтүп бараткан жигит жыйналып турган жалбыракты тээп кетти. Буга бекер малай бар бекен?!
– Эй! Бул эмне кылганың?!- деп кыйкырып жибердим.
– Эй зовут лошадей. Чоң кыз, таанышкыңыз келсе жөн эле айтыңыз да...- дейт ажыкыстанып. Жаным кашая түштү. 
– Сени менен таанышайын деген оюм жок! Адамдын эмгегин баалап койбойсуңбу? Өзүң бекерчи болсоң эле ушинте бересиңби?..- ме сага, бир баштап алып токтоно алсамчы. Жигит күлүп маңдайымда тура берди. Бир маалда унчукпай калдым. Жымжырт... Эмне кылыш керек? Каякты караш керек? Эмне деш керек?
– Жумушуң жокпу? Бар кет! 
– Татынакай экенсиз...
– Сиз дебе, мен жаш кызмын...- айтарын айтып алып уялып кеттим. 
– Макул, көрүшкөнчө анда.
Башка сөз айтпай кетип калды. Кызыктай болуп кала бердим. Өң-келбети деле эсте калчу бала эмес болчу. Ошол боюнча унутулуп калмак беле, бирок... Кайрадан жолуктук, дагы жагымсыз жагдайда. Сабакка кечигип учуп-күйүп тепкичтен чыгып баратып ылдый түшүп келе жаткан бирөөнү жөөлөп кеттим. 
– Кечиресиз...- деп карасам эле баягы жигит. Өзүмдү кармана албай каткырып жибердим.
– Мм, ошондо бул өч алуубу?
– Жок, ай, кокустук.
– Кокустуктар кокусунан келе бербейт да.
– Өч алсам мындан да жаман кылмакмын.
– Биринчи таанышып алып анан өч алышпайлыбы? Атым Самат...
Мына ушинтип таанышканбыз. 3 жыл кыз-жигит доорун сүрдүк, анан баш коштук. Азыр 2 уулдун ата-энесибиз. Бир карасаң идеалдуу сүйүү баяны. Бирок эч нерсе жипке тизгендей болбойт экен бул жашоодо. Биздин махабат баяныбыздын идеалдуулугун бузган да чоң кара так бар. Ал кара так тууралуу мен, жолдошум, анан бөлөм Зарина гана билет. 
Студенттик күндөрдө таежемдин үйүндө жашадым. Мен курактуу Зарина деген кызы бар, экөөбүз сырдашып түнү-күнү шарактап сүйлөшүп ынтымактуу болчубуз. Кыштын бир күнү Саматтын досунун туулган күнү болуп калды. Зарина үйдө зерикпесин деп ээрчитип алдык. Барган үйдө конок көп эле, Саматты издесем, көзүмө чалдыккан жок. Экинчи кабатка көтөрүлдүм, оюмда эч жамандык жок эшиктерди катарынан ачып баратып, биринен сени көрдүм... Зарина менен! Шашып кийинип жатыптырсың. 
Ошол эшикти ачпай, сени издебей эле койсом не болмок?.. Кыштын ызгаарында күрмөсү жок жеңил көйнөкчөн көчөгө атып чыктым. Ыйлай албадым, түшүнүксүз сезим, тулку боюмду өрттөгөн, алкымдан алып муунткан, ошол эле учурда буттарыма чуркаганга күч берген сезим. Чуркап баратып муздан тайып жыгылып түштүм. Бутум ооруганда эсиме келдим окшойт, карасам тизем сыйрылып канап жатыптыр.
– Нази! Нази, токтосоң, мен баарын түшүндүрүп берем... Мен... 
Үнүң ушунчалык жагымсыз, коркунучтуу угулду. Сен жеткиче тура калып жол боюндагы таксиге отурдум, «байке, тез айдап кетиңизчи бул жерден, суранам» деп жалдырап жибердим. Көздөрүмдө мончоктогон жаш. Терезени телмире тиктеп кете бердим. «Чоң кыз, балким, милицияга барабыз?» тынчтыкты айдоочунун үнү бузду. Чочуп кеттим, барчу дарегимди да айтпаптырмын го. Кайда барат элем? Заринаныкына эми бутум баспас. 
– Байке, мени 5-кичи районго жеткирип коюңузчу. Акчасын үйгө кирип алып чыгып берейин...
Эки курбу кызым батирде турушчу, алардын эшигин кактым.
Төшөктөн бир жума тура албай жаттым. Азаптуу 7 күн 7 жылга созулуп, эс-мас абалымда толтура дары ичип өмүрүмө кол салганга да аракет кылыптырмын. Курбум байкап калбаса, балким... 
Окуудан чыгып калбаш үчүн университетке бара баштадым. Самат күн сайын келип мени издеп жатканын айтышты. Ал күнү да келди, кийинки күнү да, андан аркысында да... Акыры сезимим аны актады. Таарынычым 3 айга созулду. Саматты кечирдим, бирок Зарина тарапты азыркы күнгө чейин карай элекмин. Мен жолдошумду чындап жактырам, сыйлайм. Бирок ошол түндү эстегенде көкүрөгүм сайгылашып, аба жетпей думугуп, жек көрүүм ашып-ташып кетет.
– Эй, дагы эмне болуп кетти мени атып жиберчүдөй карап?! Ушинтип караганыңды койчу, бай болгур...- дедиң.
Ошол жоругуңду эстегенде болгон сезимим көзүмдөн чыгып калат. Сага болгон сүйүүм мага келечекке үмүт берсе, жүрөк түпкүрүндөгү жек көрүүгө айланган чоң муз жерге ныгырып жатканын билбейсиң да сен.


Нази

(интернеттен алынган окуя)

<< April 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930