ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

С.Исаков авариялык абалы оор мектеп менен таанышты

Премьер-министр Сапар Исаков Беловодское айылындагы Биринчи Май орто мектебинин авариялык имаратынын абалы менен таанышты жана аталган мектептин жаңы имаратынын курулчу жерин көрүп чыкты. Курулуш иштери финансылык каражаттардын жоктугуна байланыштуу токтоп калган. Ошондуктан өкмөт башчысы Финансы министрлигине 750 окуучулук орунга эсептелген мектептин курулушун толугу менен жыйынтыктоо үчүн каржылоо булактарын аныктоону тапшырды.Мындан тышкары, жаңы мектептин имаратын келерки окуу жылына карата пайдаланууга берүү тапшырмасы берилди, анда спорттук блок, жыйындар залы жана ашкана каралмакчы.Кошумчалай кетсек, мектеп 1930-жылы курулган, бүгүнкү күндө анда 1350дөн ашуун окуучу билим алат. 2012-жылы техникалык иликтөө өткөрүлүп, мектеп авариялык абалда деп таанылган.

 

<< April 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930