ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Парламент эл ишениминде болсун

Бүгүн, 16-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды.Буга чейин  Дамирбек Асылбек уулунун жарандуулугун тактоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кат жөнөтүлүп, жообу алынган. Казакстандан келген маалымат боюнча, Асылбек уулу Жамбыл облусунда 1981-жылы 3-февралда туулган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Дамирбек Асылбек уулунун күбөлүгүндө аты-жөнү Динарбек Супатаев болгон.

Ушул жылдын 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы Казакстанда контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөндө 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар болуп чыккан. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелүүдө.

 Бүгүн, 16-апрелде БШКнын кезектеги отуруму болуп, анда Дамирбек Асылбек уулунун ордуна Руслан Чойбековго депутаттык мандатты тапшыруу чечими кабыл алынды. Руслан Чойбеков 1979-жылы туулган. Ал буга чейин Токмок шаарындагы камволдук-жип ийрүү фабрикасын жетектеген,жеке ишкер.

БШК бүгүн  “Кыргызстан” партиясынан ЖКнын депутаты болгон маркум Жыргалбек Калмаматовдун ордуна Насыр Мусаев депутат  болгонун жарыялады. Буга чейин Мусаев дарыланып жүргөнү айтылган. Ал ден соолугу жакшырып келе жатканын, депутаттык милдетин толук аткарарын билдирди. Эскерте кетсек Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон эле.  

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.  

Н.Шайлдабекова алдынкы күндөрдө- 13-майда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Алты жергиликтүү кенешке шайлоолор жүрөт. Анын экөө-Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине жана Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине шайлоо мөөнөтүнөн мурда болот.

 Бул жолугушууда негизинен өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча чаралар жана маселелер талкууга алынды.

Мамлекет башчысы шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, партиялык системин бекемдөө боюнча жумушту активдештирүүнү сунуштады жана саясий партиялардын парламенттик системин өнүктүрүүдө өзгөчө ролун белгиледи. Андан тышкары шайлоо системинин учурдагы маселелерин коомдук жана парламенттик талкуунун, кийинки шайлоого чейин керектүү өзгөртүүлөр киргизилип, шайлоонун катышуучуларына алдын ала түшүндүрүү максатында убакытты так пландаштыруунун зарылдыгын айтты.

 

<< April 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930