ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Марсиана: “Мен бала кезимде сүйүп көргөн эмесмин”.


Кыргыз эстрадасында “Жаздагы сагынуу”, “Сүйүү жазы”, “Ата Мекеним”, “Ак тилек” аттуу ырлары менен эл оозуна алынып келе жаткан алтын үндүү ырчы Марсиана "ЭлFM" радиосунун "Чай үстүндө" программасында конокто болду. 

 

 

Блиц-анкета!

Толук аты жөнү: Дарманбекова Марсиана.

Туулган жылы: 10.01.1993.

Төрөлүп өскөн жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Алайкуу.

Кесиби: музыка мугалими.

Үй бүлөлүк абалы: бойдок.

 

- Салам Марсиана, кош келиңиз. Марсиана деген ысымды ким койгон?

- Саламатчылык, кош келдик. Бул атты мага эжем койгон экен.

 

- Сиздин балалык күндөрүңүз кандай кызыктар менен өткөн?

- Жашообуздун таттуу, эстен кеткис учуру бул балалык күндөр. Балалыгым абдан кызыктуу өткөн десем болот. Себеби, мен тентек, шок кыз болчум. Балдарды таяк менен кубалайт элем (күлүп). Кыскасын айтканда балалык күндөрүмө арманым жок.

 

- Алгачкы балалык сүйүү эсиңиздеби?

- Мен бала кезимде сүйүп көргөн эмесмин.

 

- Кайсы тамакты даамдуу жасай аласыз жана көп жасаган тамагыңыз?

- Көбүнчө суюк тамактарды жасаганга аракет кылам. Салаттардын түрлөрүн билем жана жасай алам. Эң жакшы жасаган тамагым бул манты.

 

- Өзүңүздү кайсы учурда абдан сулуу сезесиз?

- Макияжды өчүргөн учурда өзүмдү сулуу сезип калам.

 

- Эми чыгармачылыктан кеп баштасак. Чыгармачылыкка кадам эмне себептен улам ташталып калды?

- Мен жаш кезимден эле ырга жакын болуп чоңойдум. Кашыкты алып микрафон кылып, туугандарыма ырдап концерт коюп берчүүмүн. Ошол мезгилде ырчы эмес, тилчи болом деп ойлогомун. А бирок тагдырдын буйругу менен ОшМУнун искусство факультетине окууга тапшырып, ал жерден пианино жана башка аспаптарды ойноону үйрөнүп, музыкалык билимдүү болдум десем жаңылышпайм.

 

- Эмнеге ырчылыкты тандап алдыңыз?

- Бул кесипти тандаганымдын себеби пианино ойногонду жана ырдаганды аябай жактырчуумун. Убакыт өтөөрү менен ырчылыкка кызыгуум артып, ырчы болом деп ырчылыкты тандап алдым.

 

- Жакында чет өлкөгө чыгып келдиңиз. Кандай максатта бардыңыз?

- Ооба, жакында Европага барып келдик. Кыргызстандан 19 адамдан турган делегация Австралия, Венгрия өлкөлөрүндө болду. Негизги максатыбыз маданиятыбызды көрсөтүү болуп, ал максатыбызга жеттик. Кыргызстандык делегаттарды профессор, тюрколог Кадыраалы Конкобаев жана Алтынбек Максүтов жетектеди. 

- Аял заты үчүн сахнада жүрүү кыйын эмеспи?

- Аялзаты үчүн кыйын деп айтат элем. Бирок, ар бир инсан өзүнүн максатына жетүү үчүн канчалык түйшүктүү болбосун жеңип өтсө керек. Мен дагы кандай кыйынчылыктар болбосун баарын көтөрүүгө, жеңүүгө даярмын.

 

- Алгачкы сахнага чыккан күндү эстей аласызбы?

- Биринчи жолу чоң сахнага 5-класста комуз менен ырдап чыкканым эсимде. Ал күндү такыр унутпайм. Себеби, бактылуу күндөрүмдүн бири болгон.

 

- Ким сиздин чыгармачылыгыңызга колдоо көрсөтүп келет?

- Мага ар тараптан колдоо көрсөткөн инсандар менин агай, эжекелерим. Аларга ыраазычылыгымды билдирем.

 

- Өнөр адамдарынан да кумир туткан күйөрманы болот. Сиз да бирөөнү кумир тутуп аны туураган учурларыңыз болду беле?

- Албетте ар бир инсандын кумир туткан адамы бар. Менин кумирим Селин Дион жана Бейонсе.

 

- Ырчылыктан башка кандай өнөрүңүз бар?

- Бош убактымда сүрөт тартканды жакшы көрөм. Ошондой эле, өз алдымча тил үйрөнгөнгө кызыгамын.

 

- Элге эле кызмат кылып жүрөсүз, качан кайненеге кызмат кыласыз?

- Ар бир нерсенин өзүнүн убакыт сааты келет. Мен да Кудай буйруган күнү турмушка чыгам (күлүп).

 

- Алдыдагы пландар?

- Алдыда пландар абдан көп. Кудай буйруса продюсер менен иштешүүнү баштадым. Чет өлкөдө болуучу сынактарга катышууга даярданып жатам.

 

Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

                                           "Пианино ойногонду аябай жактырам".

 

                                                "Европадагы фестиваль учурунда".

 

                       

Описание: iFrame

ЖУМАБЕК АКБАРОВ.

 

 

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930