ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кубанычбек Экашев: Поэзия дүйнөсүнүн жашоочусумун!

 

Эмнедир жазгым келди.

Оюмду таппай жатам.

Жүрөгүм бир нерсе дейт.

Мен аны укпай жатам.

Акындар жөнүндөгү ар бир тема “ыр менен башталып, ыр менен бүтүүгө тийиш”-деп айтылгандай, чындыгында кыргыз акындарынын поэзиясы жуурулушкан сөз берметтери, өзгөчө сезимдер жана эмоциялар менен коштолот. Ал эми бүгүнкү уктуруубуздун каарманы өзгөчө инсан десем жаңылышпаймын. Анткени, сиз угарман тарабынан бул инсан ырчы, аткаруучу, обончу катары таанылган болсо, бүгүн анын акын катары ыр дүйнөсүн кенен ачып берүүгө аракет жасап олтурабыз. Сыр-табышмак кылбастан, коногубузду тааныштырып өтөйүн Кубанычбек Экашев.

 

Сага

Бүгункү сүрөтүңдөн.

Ансайын сүйүп кеттим.

Айылдык ажарыңдан.

Өрт болуп күйүп кеттим.

 

Уурданып сурабастан.

Сүрөтүң катып койдум.

Бурчуна булгабастан.

Сүйөм деп жазып койдум.

 

Жай алып көңүлүмдөн.

Келесиң көптөн бери.

Батынып айтпай жүрөм.

Табылбай сөздүн кези.

 

Кызысың өрүкзардын.

Өзгөчө тунук жансың.

Өмүрлөш өзүң менен.

Келди го болуп калгым.

 

Сен жака баргым келди.

Жүрөгүм ачкым келди.

Сөйкөсүн махабаттын.

Өзүңө таккым келди.

 

Мен сени тапкым келди.

Сүйөм деп айткым келди.

Баткенден кайын тутуп.

Сен менен кайткым келди.

*****************************

Кечиккен сезим эмнеге келдиң?

Эсепсиз мага азапты бердиң.

Күүлөнүп турган куракты өткөн.

Кайтардын окшойт жаштыктын демин.

 

Кыр ашып жаткан убагым билсең.

Кызыл чок болуп жанамын ичтен.

Көзүңдөн сенин карагат сындуу.

Кусадар кылып көкүрөк тилген.

 

Оо менин кечте, жолуккан сүйүүм.

Оо менин кечте, жаркыган күнүм.

Өмүрлүк бирге боло албас мендик.

Өзгөгө насип буйруган гүлүм.

 

Кызарган чогу жалындап кетип.

Кыялда гүлдөр беремин терип.

Кырында кырктын кезиккен селким.

Сүйүүнүн заарын жатамын сезип.

********************************

Эмнедир жазгым келди.

Оюмду таппай жатам.

Жүрөгүм бир нерсе дейт.

Мен аны укпай жатам.

 

Ичимде кайнап жалын.

Суукту сезбейт жаным.

Удургуп кетти ойлор.

Табалбай жакшы ыр сабын.

 

Мунарык болуп акчуу.

Ыр көлүм бөксөрдүбү?

Эргүү да биз сыңары.

Пейилин өзгөрттүбү?

 

Жылуулук берген согуп.

Жүрөктөр ууландыбы?

Бир кезде нурга толгон.

Кирпиктер сууландыбы?

 

Акындын ырлары кыскача берилди. Маекти толугу менен төмөнкү аудиодон уга аласыздар.

 

 

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930