ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын мектеби пайдаланууга берилди

Беш жыл аралыгында курулушу аяктаган Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын мектеби пайдаланууга берилди. Салтанаттуу ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин депутаттары, облустун жетекчилиги, мектеп жамааты жана айыл тургундары катышты. Эки кабаттуу жаңы имаратынын сметалык наркы 57 млн. сомду түзүп, жарым каржысы түрк грантынан, жарым каржысы мамлекеттик бюджеттен каралган. Самудин Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдер жамааты тарабынан 1968-жылы, 1984-жылы жана 1989-жылы курулган 3 корпуста окуу процессин жүргүзүлүп келген. Ар бир класс бөлмөдө мештерге от жагылганына байланыштуу кыш мезгилинде класстарды жылытуу кыйынчылыкка турган.  Ал эми 225 окуучулук орунга ылайыкталган мектепте 9 класс бөлмөсү, ашканасы, ажаатканасы, спорт залы, жылытуу системасы камтылган. 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930