ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Ырчы Авраам Руссо Москвадагы үйүн арзан баага сатууда (фото)

 

Орусиядагы белгилүү ырчы Авраам Руссо Россияда ырдап, иштейт, ал эми артисттин жакындары АКШда жашашат. Ошондуктан эки жакка чуркабай АКШда эле жашоону чечкен экен. Ал Москвадагы чоң, баардык шарты бар, эки кабаттуу үйүн жарым баасына эле сатууну туура көргөн.

Артисттин айтымында бул үйду курууга 60 миллион рубль каражат жумшалган.

Үйдү ал атайын буйрутма менен жасаган,ал: “Үйдү сатып алган жаңы кожоюн башкача кылып өзгөртүп алса болот, же Авраам Руссо жашаган деп менден эстелик катары эч бир жерин өзгөртпөй деле жашаса да болот. Үйдө баардык шарттар мыкты боюнча” дейт.

“Бул үйдүн жерине жана курулушу менен 60 миллион рубль жумшалган. Бирок мен бул үйдү 29 миллион рублга эле сатам.Үйдүн дубалдары бийик, техникасы, жасалгасы, дизайнын өзүм тандагам. Балкону болсо океанды карап турат...” деп тамашалаган Руссо.

Артисттин үйүнүн ичинде акыркы техникалык жабдыктар да бар. Үйдун абасын желдетүүчү заманбап кондиционер жана чаңдарды өзү соруп алуучу чаң соргучтар да жайгашкан. Короосунда чоң бассейни жана саунасы да бар.Үйдөгү ичүүчү суунун сапатын текшерип туруучу жабдыктар да коюлган.

Азырынча Руссонун үйүнө кызыккандар арбын, ырчы өзү айткандай арзан баада сатабы же кымбат сатабы аны убакыт көрсөтөт.

<< December 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031