ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Түркиянын парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Аны «Манас» аба майданында Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров тосуп алды.  Сапардын алкагында Йылдырымдын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ал эми 7-декабрь күнү расмий делегация «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы «Үркүндө» каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат. Андан соң, Айтматовдун 90-жылдыгына карата Кыргыз-түрк «Манас» университетинде өткөрүлүүчү иш-чараларга катышат. 

<< December 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031