ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Дагы бир коррупционер кармалды

 

5-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган. Бул кызматка Азимкан Жусубалиев  2017-жылдын февраль айын келген болуучу.

Ал ММК тараткан маалыматка ылайык "Бириктирүүчү жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан тилкеси долбоору боюнча тендерде чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөө максатында пара алынып жаткан. Кармалган чиновник аталган тендерге төрагалык кылып, чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөгөн. Жол Башкуугандыдагы 89,5-159,2 чакырымдары эле. "Пара үчүн кармалган А.Жусубалиев   Италиянын "Тоdini" компаниясынан  жалпы 520 миң доллар берүүнү талап кылган. Буга чейин ал белгиленген сумманын 120 миң долларын ортомчу аркылуу алган. Ал ортомчу министрдин орун басарынын өзүнүн тууганы болгон. Ал эми акчанын калган бөлүгүн кийинки апталардан алууну пландаган", - деп жазылат УКМК берген маалыматта.

 Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул окуя боюнча маалымат таратты. Анда ал:  "Мен өзүм дагы эртең менен маалымат алып нес абалда отурам. Министрликте акыркы бир жарым жылдын ичинде коррупцияга каршы схемалар болсо, ага жетиш үчүн план, программаларыбыз бар. Кандай маселе кызматкерлерибизди мыйзамсыз иштерге түрткү кылып жатканын таап чыкканбыз. Ошолордун үстүнөн иштөө үчүн адам факторун азайтуу боюнча кыйла иштерди кылдык. Орун басарым Азимкан Жусубалиев өзү менин тапшырмам менен ошол маселенин үстүнөн иштеп келген", - деп билдирген.

“ Жусубалиев мыйзамды бузган болсо жооп берсин", - деп кошумчалаган Калилов. Министр италиялык компания долбоорду ишке ашырууну 41 миллион доллардын тегерегиндеги акчага утуп алгандыгын айтты.

Азимкан Жусубалиев 1965-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 1987-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтун автомобиль транспортторун башкаруу боюнча инженер адистигин аяктаган.

1987-1988-жылдары Кыргыз ССРнин Транспорт министрлигинин жана шоссе жолдорунун Түштүк автотрестинин №2915-аскерлешкен автоколонналык тилкесинин мастери;

1988-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Транспорт министрлигинин Кызы-Кыядагы жүк ташуучу унаалардын автобазасынын бөлүм башчысы, тилкенин мастери;

1991-жылы Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин уюштуруу иштери боюнча инструктору;

1991-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бөлүм башчысы, 2915-аскерлешкен автоколоннанын башкы инженери;

2003-2004-жылдары ӨКМнын жана Экология министрлигинин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2004-2006-жылдары Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-жылы Экономика жана финансы министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын бөлүм башчысы;

2006-2008-жылдары Ош шаарынын мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдары өкмөттүн уюштуруу-инспекторлук иштер жана аймактык мониторинг боюнча бөлүмдүн башчысы;

2010-жылы өкмөттүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, директордун кеңешчиси;

2010-2012-жылдары президенттик аппараттын мамлекеттик, аймактык секторлорунун жана кадрдык жумуштар боюнча сектор бөлүмүнүн жетекчиси;

2012-2016-жылдары өкмөттүк аппаратынын кадрдык иштер боюнча мамлекеттик башкаруу бөлүм башчысынын орун басары;

2016-2017-жылдары өкмөттүк аппараттын Курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси;

2017-жылы Транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп эмгектенген.

Мамлекеттик кызматтардын III класстагы кеңешчиси, бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ.

 

<< December 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031