ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

“Дүйнө сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү мексикалык сулуу аталды

 “Дүйнө сулуусу – 2018” сынагы жыйынтыкталып, мексикалык  Ванесса Понс де Леон жеңүүчүсү аталды. Иш-чара Кытайдын Хайнань провинциясында өткөн. Сынак  9-ноябрда башталган, бир ай аралыгында кыздар түрдүү тапшырмаларды аткарышты.  Ванессага таажыны “Дүйнө сулуусу – 2017” сынагынын жеңүүчүсү индиялык Мануши Чхиллар кийгизди.  Ал эми вице-мисс наамы таиланддык Николин Пичапага ыйгарылды.

Фото: Reuters

Кошумчалай кетсек, “Дүйнө сулуусу” эл аралык сынагы 1951-жылдан бери улуу британиялык Эрик Морли жана анын жубайы Джулиянын демилгеси менен өтүп келет. 

Фото: Reuters

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031