ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Баткенде чек арачылар үчүн эки застава жана бир комплекстүү имарат ачылып, пайдаланууга берилди

 

Бүгүн 10-январда Баткен облусунун, Баткен районунун, Тажикстан менен чектешкен аймактарына жаңыдан курулган “Орто-Боз” чек ара заставасынын, “Достук” чек ара заставасынын жана Төр-Гүл чек ара отрядынын базасында, атайын дайындалган “Бөрү” отрядынын 50 аскер кызматчысына комплекстүү имараттары ачылып, пайдаланууга берилди. 


Чек арачылар үчүн курулган заманбап, бардык шарты бар имараттардын ачылуу аземине КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, Раимберди Дүйшенбиев,КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, Данияр Сатимов, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүу тургундар да катышты. 


Жетекчилер жаңы конуштуу болгон чек арачы үй бүлөлөрдү да куттуктоо менен бирге, жоокерлер менен баарлашып, алар менен жоокердик тамак аштардан даам татышты. 


Иштөө үчүн жана окуу үчүн атайын кааналар, ашкана, жатакана, спорт залы,эс алуучу жайлары, мончосу жана кампасы, жашоо үчүн бардык шарты бар комплекстүү имараттар, Кыргызстан Евразиялык биримдикке киргенден улам,Кыргызстандын тышкы чек араларын бекемдөө максатында, КРнын башкы штабы менен Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү ортосундагы алаканын алкагында, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн №345 механикалык заводу жана КР ОсОО «Делта Лот» фирмасы менен биргеликте курулду. 
Мындан сырткары 2018-жыл ичинде, Кадамжай районунун Бүргөндү өрөөнүндө “Газпром” чек ара заставасы, Баткен районунун Миң-Булак айылында чек ара застава ачылып, ишин баштады. Ал эми акыркы үч жыл аралыгында Баткен шаарында 90 батирлүү, Исфана шаарында 24 жана 16 батирлүү, Баткен районунун Чарбак айылында 8 батирлүү турак үйлөр чек арачылар үчүн курулуп, пайдаланууга берилди.

 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031