ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Мамлекеттик жана коомдук ишмер К. Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, Корчубек Акназаровдун журт алдында ыйык парзын абийирдүүлүк менен аткарганын айтып, кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирип, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. «Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет!», — деп белгиледи перзидент. Сооронбай Жээнбеков Корчубек ага кажыбас эмгектин арты менен урмат-сыйдын туу чокусуна жеткенин, кайсы районду жетектебесин, ошол аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө зор ийгиликтерге жетишип келгенин белгиледи. Эске салсак, көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнөдөн кайткан. 

<< February 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728