ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Өлкөнүн мектептериндеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өттү

Кечээ өлкөнүн мектептериндеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өттү. Анда мектептерде тамактанууну жакшыртуу, мектептердин ашканаларын байытылган ун менен камсыздоо, жалпы билим берүү мекемелеринде тамак берүүнүн сапатын жакшыртуунун мындан аркы чаралары, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, 2022-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы мектептердеги тамактанууну жакшыртуу   оптимизациялоо боюнча Жол картасын кабыл алуу жана мектептерди ысык тамак менен камтууну кеңейтүү маселелери каралды. Кеңешмеге вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова катышып, ашканалардагы антисанитария, окуучулардын тамак рационунда жашоого керектүү азык-түлүктөрдүн жоктугуна, пайдаланууга болбогон азык-түлүк продуктуларын колдонууга, продуктулардын сапаты боюнча документтин жоктугуна карата коомчулук тарабынан көп кездеше баштаган даттанууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мектептеринде окуучуларды тамактандыруунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду. «Мектептердеги тамактантануунун уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2002-жылы кабыл алынган, тагыраагы 17 жыл мурда. Белгилей кетсек, Мыйзамдын айрым ченемдери актуалдуулугун жоготту. Буга байланыштуу бул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан., мында жаңы түшүнүктөр киргизилип, тамактануу чени аныкталган жана окуучуларга ысык тамак берүүдө милдеттүү түрдө энергетикалык жана азыктуулук баалуулуктарды сактоого басым жасалууда», – деди ал.

<< February 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728