ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Тынчтыкбек Нурманбетов: - Кыргыз десе созолонтом ыр ырдап

      “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий музыкалык уктуруусу  

Тема: “Азаптын акыны” деген ким? Акын Тынчтыкбек  Нурманбетовдун чыгармачылыгы тууралуу...

Ушул дүйнө эзелтеден туңгуюк,

Биз акындар туңгуюкту нур кылып.

Кут түшүрүп, касиетин арттырып,

Өчкөн отун жандырабыз күйгүзүп - деп таланттуу, белгилүү акын Тынчтыкбек Нурманбетов жазгандай, чындыгында, акындар жашоонун түркүн-түстүү окуяларын ыр саптарына айлантып, чечмелеп, өмүрдүн жакшылыгына үндөп келишет. Жогорудагы төрт сап ырда катылган ойлор бул уктуруубуздагы каарманыбыздын жашоого болгон чакырыгын, ойлорун ачыктап берет. Анда урматтуу радио угарман “Жүрөк сыясы” көркөм – адабий музыкалык уктуруубуздун бул чыгарылышына ортоктош болууга чакырабыз. Микрофондо Элиза Кочкор кызы.

Анда бул чыгарылышыбыздын башкы каарманы менен тааныштырып өтөйүн КР маданиятына эмгек синирген ишмер, Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары, таланттуу акын, таанымал агартуучу Тынчтыкбек Нурманбетов.

 

Бейнеси:

Белгилүү акын, агартуучу жана маданий ишмер Тынчтыкбек Нурманбетов Таш-Көмүр шаарында 1953-жылдын 10-мартында кенчинин үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1970-жылы Токтогул ГЭСинде курулушчу болуп иштеп баштаган. Өмүр бейнесине назар салсак, “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, улук кабарчы, “Мугалимдер газетасында” бөлүм башчы болуп иштеген. Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды республиканын мугалимдерине кеңири тараткандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” деген наамга татыктуу болгон. Тынчтыкбек Нурманбетов  “Кырчын” журналынын башкы редактору, КР Маданиятына эмгек синирген ишмер, Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

 

              “Кыргыз десе”

Кыргыз десе: безеленем чырылдап,

Кыргыз десе: каным күйөт шырылдап.

Кыргыз десе: кыйналганым унутуп,

Кыргыз десе: созолонтом ыр ырдап.

 

Кыргыз десе: жаным жыргайт ыр курап,

Кыргыз десе: көздөн жашым кылгырат.

Кыргыз десе: кылым жашайм карыбай,

Кыргыз десе: эч соолубайт Ыр-булак.

 

Кыргыз десе: кара жердей төшөлөм,

Кыргыз десе: тоодой жүктү көтөрөм.

Кыргыз десе: тике туруп намыска,

Кыргыз десе: көшөргөндөн көшөрөм.

 

Кыргыз десе: жаза тийбес октоймун,

Кыргыз десе: Азезилден коркпоймун.

Кыргыз десе: кыянаттык кылганга,

Кыргыз десе: кыматта оттоймун.

 

 

Кыргыз десе: чөмүлөмүн кыялга,

Кыргыз десе: жер таппаймын сыярга.

Кыргыз десе: үмүт үзбөйм жашоодон,

Кыргыз десе: кулдук урам Кудайга!

 

Адабият айдыңындагы көп жылдык түйшүктүү, машакаттуу изденүүлөр менен жүргөн башкы каарманыбыз Т.Нурманбетов “Мекен мээри” (1985-жыл), “Эл деми” (1990-жыл), “Таш-Көмүр табы” (2002-жыл), “Азаптын элүүнчү ыры” (2009-жыл), “Касиет” (2013-жыл) ыр китептеринин автору. Узап бараткан жылда дагы чоң ийгиликтер жаралып, акынга чыгармачылыктагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн Женева шаарында жайгашкан Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы тапшырылып, сыйланды. Демек, каарманыбыздын өрнөктүү чыгармачылык жолунун  издерин ыр саптарынан да издедик.

 

БИЗ АКЫНДАР

Ушул дүйнө эзелтеден туңгуюк

Биз акындар туңгуюкту нур кылып:

Кут түшүрүп, касиетин арттырып,

Өчкөн отун жандырабыз күйгүзүп.

 

Ушул жашоо абалтадан аманат,

Биз акындар учкан куштай сабалап:

Карек мокоп, үн кардыгып калганча,

Ырга айлантып келатабыз дамамат.

 

Ушул өмүр өктөлүү да, чектелүү,

Убайым жеп убакытка экчелүү.

Азап тартып улгайганга карабай,

Унутулбас ууз сүйүүгө кез келүү.

 

Бул жалгандын жалгандыгы билинбей,

Биз акындар жакшылыктан түңүлбөй.

Жаратканга жарчы болдук тайманбас,

Атка минер аксымдарга жүгүнбөй.

 

КУБАТ

Тээ, көңүлдүн тереңинде,

Тээк болгон жан дүйнөмө.

Бир ыйык сезимим бар,

Эрезеге жеткен күндөн.

Күн нурундай күч, дем берген

- Ата! – Ата! – Ата! – деген.

 

- Ата – деген алоо сезим,

Айга, Күнгө жеткирет.

Кубат берген Кубатымды,

Кумар канбай өпкүлөп...

Жаным жыргайт өпкүлөп...

Көңүлүм көккө серпилет.

 

 

Баккан, каккан Кубатыма,

Бар тапканым калтырам:

Байлык эмес көз кызарткан,

Мал-жан эмес сөз узарткан.

Саа калтырар – мурасым,

Ал – аталык кадырым.

 

“Чыгармачылык деген түйшүктүү жол. Көп эмгекти, убакытты, керек болсо өмүр жолунда азап тартууну да буйруп коюшу мүмкүн” -дейт акын. Анткени, аны калемдештери “азаптын акыны”деп аташат.  Акындын төртүнчү ырлар жыйнагы “Азаптын элүүнчү ыр” деген ат менен жарык көрүп, анда бул темага кенири токтолот.

“Ар бир ырдын, өзүнүн ичине катылган сырлары болот” -деген акыныбыз Тынчтыкбек Нурманбетов агай, чынында эле төрт сап ырды жазуу бул жөн эле уйкаштык үчүн, же башка бир оңой олтоң жазылып калчу иш эмес деп белгилейт. Анткени, көнүлгө жаккан, өзүн каалаган, саамаган ырды жазуу үчүн да бир топ жылдар талап кылынышы толук түрдө ыктымал экенин өзүнүн башынан өткөн окуя менен салыштырып айтат.

 

АЯЛ

Бириңден калып көңүлүм,

Бириңе турам арбалып.

Бириңе сайып өмүрүм,

Бириңе калдым алданып.

 

Азапты бириң тарттырып,

Агарттың кара чачымды.

А бириң дилим тазартып,

Көтөрүп койдуң баркымды.

 

Бириңе болсом кадырсыз,

Бириңе суудай керекмин.

Бириңе кыйбас жанкүйөр,

Бириңе күйбөс мересмин.

 

КАЙРЫЛБАС ЖЫЛДАР КАЙРЫКТАРЫ

 Ай турганын ак теректин башында,

Аңдабапмын кылычтай курч жашымда,

Айгай салып өттү, кетти жашчылык,

Кечээ турган күлүмсүрөп кашымда.

 

Күн турганын көк теректин башында,

Кургур жаным, байкабапмын башында.

Каруу кетип, булчуң бошоп буржуйган,

Куудай аппак, көөдөй кара чачым да.

 

Тынчтыкбек Нурманбетов Кыргыз улуттук университетин аяктаган соң, алыскы Чита областында аскердик кызмат өтөйт. Мекенди коргоо, Ата-Журттун ыйыктыгын даназалаган ырлары ыйык сезимдерден улам ошол жылдары жазылганын айтат. Булар адамга жигер, кайрат берет.

 

АТА

Жүрөгүм дагы сайгылашат,

Чабалактайм көрүнүп көзгө жаным,

Демейдеги нес уйку кайда качат?

Иш үстүндө кайра-кайра мүргүтүп,

Шаштымды алган менин дайым.

 

Жаңы уктаган жан кызымдын,

Уурту бүлк-бүлк этет.

"Түгөнсө эгер капилеттен

 

Ичээр суум, татаар нарым,

Түгөнгүр, тороло элек кызым кантет?" -

Деген бир күтүлбөгөн күдүк ойго

Ого бетер туталанып тынчым кетет.

 

Тилеймин бир Теңирден

(мен деле пендемин да)

Бергин деп түйшүк түмөн,

Гөртирлик абыгерин көтөрөйүн

Бир кыңк этпей баарына макулмун мен,

А бирок эч акым жок эрте өлүүгө

Анткени уул-кызга атамын мен.

 

Ушул ойго кайра шерденип

Жанымдын кыйналганын унуткарып.

Күндөгүдөн кызматка эрте барып

Иштей баштайм күжүлдөп шымаланып,

Эл ичинде эсен жүрүп бакыбат

Ата болуу балага кандай бакыт!

Тарткан АЗАП унут калып.

 

КЕРБЕН

Бабалар байыр алып жердеген,

Бак тигип, жазында тердеген.

Бак буйруп багбанга, дыйканга,

Бай түшүм алганга шерденген.

 

Кайырмасы:

Кербенге, кут түшкөн билемин,

Кубанам элжиреп жүрөгүм.

Кербеним – келечек калаасы,

Кербеним – туурум, түнөгүм.

 

Казынаң кемибей жык толсун,

Калкымда ынтымак, ырк болсун.

Кербен – шаар түптөгөн тектүү журт,

Келкелиң түбөлүк кут болсун!

 

Кайырмасы:

Кербенге, кут түшкөн билемин,

Кубанам элжиреп жүрөгүм.

Кербеним – келечек калаасы,

Кербеним – туурум, түнөгүм.

 

Белгилей кетсек, акын Тынчтыкбек Нурманбетов учурда Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары болуп эмгектнип келет. Бул багытта да бир топ алгылыктуу жумуштарды аткрууга бел байлаган. Эли-жери, Мекени үчүн жазган ырлары, дымактуу ойлору, чыгармачылыктагы жигердүү аракеттеринин артынан бир топ сыйлыктарга да жетишкенин баса белгилеп өтөлү. Атасак , “ЭлТР” МТКРсы акынды төкмө акындардын өнөрүн өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Ак таңдай” төш белгиси менен, мындан сырткары “Аксы районунун ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылганын айтып өтсөк ашыктык кылбас. Анда агайыбызга  мындан ары да чыгармачылык ишинде адам кубанарлык ийгиликтерди каалап, акындын жаңы ырларынан поэзия окурмандарына сунуштоо менен уктуруубузду жыйынтыктайбыз.

 

Кайыгына түшүп алып кыялдын...

Кадырына жетпей жүрдүм жыл, айдын.

Кан дүргүткөн күндөрдү эстеп кайрылбас,

Карегиме жаш кылгырып муңайдым.

 

Чыдай албай ызага чыйрыкканда,

Чыкпай ичтен көкшүнүм буулукканда.

Бул дүйнөгө буй салгым келип кетет,

Чындык үчүн чыркырап... уукканда.

 

 

Даярдаган:   Э. Кочкор кызы

 

<< April 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930