ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Йеменде денеси бир, эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү

Йеменде денеси бир, эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазууда.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар Абдул-Халид жана Абдул-Рахимдин төрөлгөнүнө 2 жума болгон. Алардын баштары, омурткасы, өпкөсү, жүрөгү жана тамак сиңирүү органдары бөлөк. Ал эми боору, бөйрөктөрү, колдору жана буттары бир.

Йемен дарыгерлеринин айтымына караганда, ымыркайлар чет өлкөдө дарыланбаса тирүү калышпайт. Ошондуктан алар Бириккен улуттар уюмуна эгиз балдарды чет өлкөдө дарылануусун уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бирок балдардын 20 жаштагы атасы Акрам Али Ахмед операцияга каршы. Ал балдары чогуу болгон күндө гана тирүү калуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп эсептейт. Анкени биринин өмүрү үчүн экинчи уулун курмандыкка чалууну каалабайт.

"Мен эки уулумдун тең бир денеде калуусун каалайм. Кудай жөнөткөн нерсеге мен каршы чыга албайм", - деген ал.

 

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31