ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Турар Кожомбердиев: “Кайрадан алар менен кайтпай калам”.
Аудио угуу

 

Көлчүктөгү Ай

Эшикке чыксам укмуш апа,

Ары-бери калтырап.

Чоң көлчүктүн ортосунда,

Ай жатыптыр жалтырак.

Басып барып акырын,

Колум сунуп батыраак.

Жаңы кармап алаарымда,

Сынып калды чачырап.

        

Бул ыр саптары бардык муундун жаш-кары дебей эсинде. Анткени, балалыктын балдай таттуу кыялдарын ыр дүйнөсүнө сиңирип “Эне”, “От”, “Коломто” тууралуу жазып, далай адамды сүйүүгө, мээримге жылыткан акын  Турар Кожомбердиевдин поэзия ааламына баш багабыз.

 

Турардын ырлары – бул таланттын берекелүү энчисинен элге берилген сунуш шыбага –деп , залкар инсан Аалы Токомбаев белгилегендей, чындыгында Т.Кожомбердиевдин ырлары ар тараптуу, ар тармактуу жана салмактуу. Акындын ырларында кыргыз жеринин көркөмдүгүн мал багып, жайлоолордо жүргөндө каныгып сүйүп, ырларында да ошончолук мээрим, сүйүү, сагынычка сугарып бергенин байкайбыз.

 

Залкар акын Т.Кожомбердиев 1941-жылдын 22-июнунда Калинин районундагы Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрөт. 1965–1966-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, «Кыргызстан» басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Мугалимге» аттуу биринчи ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт.

        

Т.Кожомбердиев республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы «Көлчүктөгү Ай» деген ат менен жарык көргөн. Анын айрым ырлары орус, украин, казак, белорус, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас жана француз, англис тилдерине которулган. Акындын 70тен ашуун ырларына обон жазылган. 1970-жылы Турар Кожомбердиевге «Кызыл алма» жана «Таңкы симфония» аттуу ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Ал Украина ССРинин жана Пенза обком партиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

 

Турар Кожомбердиев жалпы элге, поэзия сүйүүчү бардык журтка, жүрөккө жете алган, терең мазмундуу ырлары менен кеңири таанымал болгон. Аалы Токомбаев анын "От өчпөгөн коломто" аттуу китебине баш сөз жазып, “Турар "ойчул, тапкыч акын"” экендигин белгилеп кеткен. Акын Анатай Өмүрканов айткандай, Турар Кожомбердиев эне тууралуу көп жана мыкты жазган акындардын бири. Акындын ысмы менен кыргыз поэзиясында эне, коломто, от аттуу түшүнүктөр кеңири мааниге ээ болуп, терең баа-баркын алган.

 

Турар Кожомбердиев балдар акыны катары да таанымал болгон. Анын жеңил чыккан, образдуу, балдардын дүйнөсүнө бап келген ырлары азыр да балдар үчүн окуу китептеринде бөбөктөрдүн сүймөнчүктүү ырдестесине айланган. Акындын бөбөктөргө арналган ыр түрмөктөрүн окуп отуруп, бала кез эске түшөт. Көпчүлүгүбүздүн балалык күндөрүбүз Турар агайдын "Көлчүктөгү сынып кеткен айы" жана "Кыл мурут кумурскасы менен" өттү. Балдарга арнап акындын баары эле мындай таасирдүү ыр жаза албайт.

 

КУМУРСКА КӨРГӨН ТОО

Келатыптыр жумушка

Кыл муруттуу кумурска.

 

Топчуну алып колуна

Тосуп койсом жолуна:

 

Тыягынан карады

Быягынан карады.

 

Аркы-терки ойлоду

Тоо деп аны ойлоду.

 

ТҮНКҮ СЕРЕНАДА

Турар Кожомбердиевдин ырларына эң көп обон жаралган. Анын "Түнкү серенада", "Күн чыгышым", "Кайдасың сен", "Арча бешик", "Толкундар", "Алгач сүйүүм", "Баратабыз каякка", "Ысык-Ата - Арашан", "Үзүлбөгөн үмүттөр", "Табият көркү сен", "Энем менен атама", "Ала-Тоом", "Көл үстүндө", "Уйкусуз гитара", "Жаңы жылды тосолу" ж.б. ырларына сонун обондор жазылган. Композиторлор, анын арасында Калыйбек Тагаев акындын ырларына мукамдуу кайрыктар өзүнөн-өзү жараларын айткан.

 

КАЙРАДАН АЛАР МЕНЕН КАЙТПАЙ КАЛАМ

Турар Кожомбердиев 48 жашында, 1989-жылы жүрөгү ооруп, каза болгон. Өзүнүн бир ырында ал:

Эл менен бирөө өлсө мен да барам

Узатып, чеңгелдектеп турпак салам

…Бир күнү элдер менен кошо жөнөп

Кайрадан алар менен кайтпай калам.

Ошондо кымбат венок, сөзүңөрдөн

Тууган-журт, суранаарым өзүңөрдөн:

Татыктуу деп чечсеңер жалгыз тамчы

Ысык жаш тамызгыла көзүңөрдөн!-деп жазганы бар. Дене бою да алп келген, ырлары да ошончолук салмактуу, көркөм келген Турар Кожомбердиевдин көзү өтсө да, анын жазган ырлары экинчи өмүрүн улантат.

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

Монтаждаган Белек Култаев.

 

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31