ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Гулнара Калдарова, Айжамал Кабылова: “Күндүзү да, түнү да уктабай жатабыз”.
Аудио угуу

 

Жашырынып олтуруп май жегендер көрө, кенен олтуруп кара чай ичкен жакшы. Угармандар менен баарлашкан “Чай үстүндө” уктуруусу.

“Турмуш сабагы”, “Унутпаймын” жана “Жан балам”, “Розалар” деп ырдап сахнанын көркү болгон ырчы айымдар бизде конокто.

 

Маданияттын мыкты кызматкерлери Гүлнара Калдарова жана Айжамал Кабылова.

 

 

Конокторубуз жакында Ош жана Жалал-Абад шаарларында 20 жылдык юбилейлик концерт берүүгө камынууда.

 

Куш келиңиздер, эжекелер.

 

Учурда буту-бутуңуздарга тийбей концертке даярдык көрүп жатсаңыздар керек...

 

Гүлнара Калдарова: Ооба, биз учурда чындыгында, күндүзү да, түнү да уктабай даярдык көрүп жатабыз.

 

Айжамал Кабылова: Буюрса даярдыктар жакшы деңгээлде болуп жатат. Ырларыбыз, костюмдарыбыз баары жаңыланып, мыкты даярдануудабыз. 20 жыл айтканга оңой болгону менен, бирок кыйынчылыгы да бар. Өзүбүз жетишип, уюштуруп даярданып атабыз.

 

Жакында А.Кадыровдун “Жалжалым” аттуу ырын дуэт ырдадыңыздар. Бул идея кимге таандык?

 

Айжамал Кабылова: Гүлнара эжекем экөөбүз “Жалжалым”аттуу ырды ырдоого кеңештик. Ар бир ырды жаратарда, ырдоо алдында коркуу сезими болот. Башкалар сыяктуу эле бизде да ошондой болду. Бирок аракеттендик. Аталган чыгарманы жаңылап ырдаганыбыз күйөрмандарга жагат деп ойлойбуз.

 

Гүлнара Калдарова: Ырды аткарып чыгуудан мурда автору Алтымыш Кадыровдун уулу Талантка байланышып уруксат алдык. Ал каршы эмесмин, ушул ыр сиздерге жарашат деп өзүнүн оюн билдирди. Буюрса аракет кылдык. Эл тараза эл сынчы эмеспи.

 

Концерттин өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылалы. Башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде?

 

Гүлнара Калдарова: Концертибиздин өзгөчөлүгү бул - биз. Ашар концерт эмес. Трио жана дуэт ырларды даярдап жатабыз.

 

Айжамал Кабылова: Жаңы ырлар жана эски ырларыбызды да аткарабыз, аларды унутууга болбойт. Бардык ырларыбыз элге жеткиликтүү болушун каалайбыз.

 

Угармандардан суроолор байма-бай берилип, телефон жана смс-каттар аркылуу берилген суроолорго ырчы айымдар ачык жооп берип жатты. Кандай жигиттердин адамдык сапаттарын баалайсыздар?-деген суроого “Негизгиси, “АДАМ” деген атка татыктуу болсо”- деп, бирдей жооп беришти.

 

Чет өлкөлүк ырчылардан кайсы ырчыны жактырасыздар?

 

Айжамал Кабылова: Мен баарын баалайм. Өзгөчө Ани Лорактын репертуарын жактырам.

 

Гүлнара Калдарова: А мен болсо Джениффер Лопес жана “А-Студио” тобунун ырларын жактырып угам.

 

Угарман: Саламатсыздарбы? - Апаларга арналган “А” тамгасынан жакшы сөздөрдөн арнап берсеңиздер.

 

Гүлнара Калдарова: Апаларга сөздөрдү канча арнасак да аздык кылат. Мисалы, ардагым, асылым, акылдуум жана аппагым, аярым деги көп. Рахмат сурооңузга.

 

Угарман: Обонуңуздар жаңырып турсун. Канча бир туугансыздар?

 

Гүлнара Калдарова: 6 бир тууганбыз. Мен бешинчи кызмын.

 

Айжамал Кабылова: Мен үйдөн улуусумун. Беш бир тууганбыз.

 

Угарман: Айжамал эже, кайсы ырчы жигит менен дуэт ырдагыңыз келет?

 

Айжамал Кабылова: Баары өзүнчө оригиналдуу, баары мыкты. Буюрса, бешенеге жазганы менен ырдап каларбыз.

 

Угарман: Сахнага чыгарда туфлиңердин такасы сынып калса, бул абалдан кантип чыгасыңар?

 

Гүлнара Калдарова: Таканы чечип коюу оңой, бирок сахнада сынып калса чечип коёбуз. Андай учурлар болгон.

 

Угарман: Кайсы жердин кыздарысыздар?

 

Айжамал Кабылова: Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан болом.

 

Гүлнара Калдарова: Базар-Коргон районунан болом. Кара-Суу районунун келини болом.

 

Ырларды өзгөчө ырдайсыздар. Өзгөчө ырдооңуздардын сыры эмнеде?

 

Гүлнара Калдарова: Бул нерсени көп сурашат. Биздин ырдообузга өзгөчө салымын кошкон Кыргыз Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын салымы тоодой. Эжебиз бизди тарбиялаган. Түз эфирден алкыш жана ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

Эки ырчы айым “ЭлFM”радиобуздагы “Чай үстүндө” уктуруусунда жагымдуу маек куруп, мыкты маанай жаратышты. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз! 

 

Бул уктурууну толук угууну  кааласаңыз “Аудиосун” угуңуздар.

 

Редактору:  Р. РАХМАНАЛИЕВ.

<< September 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30