ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Атайбек Бөдөшов, Каныкей Эралиева: “Ош шаары Ош эмес “Ошингтон” болуп калыптыр”.
Аудио угуу

 

Улуу муундун бүйүрүн кызытып, арзуусуна арзыган Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, ырчы Каныкей Эралиева эжебиз жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу Атайбек Бөдөшов агабыз ушул күнгө чейин уккулуктуу үнүн жана популярдуулуктарын жоготпой келет.

 

Чыгармачыл жубайлар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшев кырк жылдан ашуун убакыттан бери өнөрдө да, үй-бүлөдө да эриш-аркак болуп, угармандардын руханий дүйнөсүн аруулап келишет. Музыка дүйнөсүнө бүт өмүрүн арнап келген инсандар бизде конокто.

 

Куш келиңиздер ардактуу меймандар!

Атайбек Бөдөшов: Ош шаарына көп эле келебиз. Ош шаарын азыр байкап, Ош эмес “Ошингтон”болуп калыптыр десем болот. Кооз имараттар, кабат үйлөр салынып, шаар көрктүү болуп баратыптыр. Көз тийбесин.

 

Бул жолку концерттик программаңыздар кандай өтөт?

Каныкей Эралиева: Бул концертте 70-80-90-жылдарда ырдалган ырлар жаңырат. Концертибиз “Эсте калган обондор” деп аталат. Чыгармачылыктагы окуучуларыбыз катышат. Концертибиздин алып баруучусу Кубаныч Миталипов болмокчу.

Биз азыр чыгармачылыкта токтобой иштеп жатабыз. Көбүңчө орто,жаш муундар ырдай турган чыгармаларды жазып жатабыз.

Атай экөөбүз “Күн балдары”деген китеп чыгардык, мектепте ошол менен билим берилүүдө. Музыкалык календарь даярдап жатабыз. Кичинекей балдар ырдасын деп “Атам апам жана мен”деген альбомубузду жакында тартуулайбыз.

 

Агай сиздин чыгармачылыгыңызда эмне кеп?

Атайбек Бөдөшов: Мени музыкага таптаган белгилүү комузчу, КР маданиятына эмгек сиирген ишмер Саадабай Шабданов болгон.

Комузду эле эмес негизи музыканы мага тааныткандардын бири. Учурдан пайдаланып ага ыраазычылык билдирем.

Мен дагы Каныкей аткандай балдар темасында көбүрөөк эмгектенип жатам.

Каныкей экөөбүз тең алтымыштан ашып калдык. Бул тажрыйба менен алектенип, чыгармаларды жазып жатабыз.

 

Блиц-анкета.

Толук аты-жөнүңүз? Эралиева Каныкей Иманалиевна

 

Туулган жериниз? Фрунзе шаары. Азыркы Бишкек.     

Туулган күнү,жылы? 1956-жыл, 9-январь. Учурда эки уул, бир кыздын бактылуу апасы.

Мектепте кандай окугансыз? Адабият музыка, биология жана химия сабактарын кызыгып окугам.

Кайсы тамакты жакшы көрөсүз? Гүлчөтай.

Эң көп колдонгон сөзүңүз? Буюрса, сөзсүз.

Адамдардагы баалаган, жактырган сапатыңыз? Чынчыл, жөнөкөйлүктү баалаймын.

 

Блиц-анкета.

Толук аты-жөнүңүз? Бөдөшов Атайбек.

Туулган жериниз? Аксы району 

Туулган күнү, жылы? 1951-жыл, 29-март. Учурда Эки уул, бир кыздын бактылуу атасы.

Мектепте кандай окугансыз? Адабият жана тарых сабактары жакшы окуган сабактар болчу.  

Кайсы тамакты жакшы көрөсүз? Талас менен Аксы жалаң камыр да.

Эң көп колдонгон сөзүңүз? “Ошондо” деген сөз го.

Адамдардагы баалаган, жактырган сапатыңыз? Каныкей айткандай чынчыл адам болсо.

 

Бул уктуруунун аудиосун тыңдап, толук маалымат алсаңыз болот.

Р.РАХМАНАЛИЕВ.

 

 

 

<< July 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031