ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Жеңишгүл Өзүбекова: “Дүйнөгө неге туулдум, неге келдим?”.
Аудио угуу

 

Аалам кандай чексиздикке ээ болсо, поэзия да ошондой көз жеткис, ой жеткис ченемсиз аруу дүйнө. Демек, ал дүйнө эшигин каккылап, акын-жазуучулардын ички сырына ортоктош болууга баарыныздарды чакырабыз. Эфирде «Жүрөк сыясы» уктуруусу.

 

“Жар салбай кантип коёмун, жагымдуу болсо жаңылык” демекчи ардактуу угармандар бүгүнкү уктуруубуздун башкы каарманы акын, драматург, театр артисти, тележурналист, продюсер, сценарист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңишгүл Өзүбекова.

 

Суунун башаты булак болгон сыңары эле, биздин баарлашуу да башынан болсун. Женишгүл Өзүбекова эжекебиз 1955-жылы 1-майда Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр жергесинде төрөлгөн. Балалык кездин бактылуу мүнөттөрү, андагы жаш кыялдар тууралуу өз оозунан угалы.

Ж.Өзүбекова.

Бир караган адамга бир сырдуу көрүнгөн каарман жан сырларын, чыгармачылыктагы бардык ой толгоолорду биз менен ыр аркылуу бөлүшүп, угармандарга философиялык терең мазмундуу ырларын сунуштоону каалайт.

 

Жеңишгүл Өзүбекованын алгачкы ырлар жыйнагы “Жан сырым” деп аталып, 1987-жылы Фрунзеден басылып чыгат. Андан соң драматургия жаатында өз күчүн сынап, бул жаатта да чоң ийгиликтерди жаратканы маалым. Акын, драматург, сценарист, актриса, тележурналист айтоор ар тараптуулугу менен башкалардан айырмаланган каарман ыр жазганга чейин эле актриса болууну самап, ага күч үрөгөнүн айтат. Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филология факультетин аяктап, эмгек жолун 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында актриса болуп иштөөдөн баштайт. Кийин Кыргыз телерадиокомпаниясында диктор, Киров райондук элдик театрында режиссер, Кыргыз улуттук телерадиокоропорациясында «Кыргызсериал» студиясында башкы редактор болуп иштеген.

 

Ж.Өзүбекова.     

Ардактуу угарман ушул жерде келиңиз алгачкы кыргыз сериалдарын эстеп көрөлү. “Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты”, “Сезимде калган издер”, “Тор” жана башкалар. Бул тасмалардын жаратуучусу да, бардык жүктү моюнга алып элге жеткирген да ушул Жеңишгүл эжекебиз экенин так таамай айта алабыз. Ушунча жоопкерчиликти моюнга алууга эмне түрттү, анчалык чон энергия кайдан келди анда тыңдайлы.

 

Ж.Өзүбекова.

Поэзия ааламында өзүнчө тематика камтылат. Албетте, айрымдары сүйүү тууралуу жазса, кайсы бири жаратылыш жөнүндө. Мен өзүмдү бүтүндөй поэзияга арнаган адам эмесмин, менин поэзияда ачыктык бар. Бул ачыктык кандайдыр бир учурда, балким көз алдында керемет сулуулук жаралганда пайда болушу мүмкүн. Көзүн көрүп турганда аны кантип жазбай коё аласың”- деп эсептейт.

 

Ж.Өзүбекова “Сыңар сөйкө”.

“Жашоодо баары эле асфальт жолдой түз эмес деп айтышат улуулар. Чыгармачылыкта да ошондой учур катталарын, өзгөчө жакшы нерсе башталып жолго коюлгандан сон, ар түрдүү себептерден улам анын соолуп баратканын көрүп кейиген мезгилде да ырлар жаралат,”- дейт каарман.

 

Ж.Өзүбекова “Чарчаба жүрөк”.

Ардактуу замандаштар бардык эле белгилүү инсандардын жеке турмушу, үй-бүлөсү тууралуу маалымат алууга кызыгып келебиз. “Учурда жашоомдун бактылуу күндөрүн өткөрүп, небере жытын жыттап жүргөн мезгилим. Дегеле мен ар дайым жашоомо каниет кылып жашаймын” - деген эжекебиз үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар менен тең бөлүштү.

 

Ж.Өзүбекова “Сен үчүн гана”.

Аккан арыктан суу агат - деген сыңары Женишгүл Өзүбекова эжекебиздин иниси кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон Асылбек Өзбеков экенин билебиз. Бир туугандар туугандык мамиледе гана эмес, чыгармачылыкта да мыкты партнер, колдоочулар. Айтайын дегеним, учурунда да бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келе жаткан “Күкүк ай” ырынын сөзүн Женишгүл эжекебиз жазып берген.

 

Сен басып өткөн жол тарых, ал эми сенин тарыхын, айткан кеп-кеңешин жаштарга санаат болуп саналат. Бул жаатта да “Кыздарга жана жигиттерге чакырык” деген каарманыбыздын ырына жана жалпы эли-журтка айткан жакшы тилектерине ортоктош бололу.

 

Ж.Өзүбекова “Кыздарга чакырык, жигиттерге чакырык”.

Урматтуу угармандар бүгүнкү “Жүрөк сыясы” программасында сиздер акын, драматург, театр артисти, тележурналист, продюсер, сценарист, КРнын Маданиятына эмгек синирген ишмер Жеңишгүл Өзүбекованын чыгармачылык жолу, бейнеси, жүрөктөн чыккан ырларына ортоктош болдуңуздар. Жүрөгүбүздө ар дайым жакшы тилектер орноп, жашообуз жакшылыктарга бай болсун. Мына ушундай сөздөрдү айтуу менен уктуруубузду жыйынтыктайбыз. Сиздер менен болгон мен Элиза Кочкор кызы. Обо толкунунда угушканча амандыкта туруңуздар!

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

Монтаждаган Белек Култаев.

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31