ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Айнагүл Абасова: “Жарк эткен жарык жашоомо келсе...”
Аудио угуу

 

Жашырынып отуруп май жегенден көрө, кенен отуруп чай ичкен жакшы. Саламатсыздарбы? Эфирде «Чай үстүндө» программмасы, мен Расул Рахманалиев.

Бүгүн бизде конокто-маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, актёр, продюсер Абдумалик Шерматов жана Абдумалик Шерматовдун долбоорунун катышуучусу, шакирти, ырчы Айнагүл Абасова.

 

-         Саламатсыздарбы, Абдумалик ага, Айнагүл эже?

-         Саламатчылык, кыргыз элине салам айтабыз.

-         Айнагүл эже, "ЭлFM" радиосун угасызбы? Кайсы программаны жакшы көрүп угасыз?

-         Ооба, бардык эле программаларды жакшы көрүп угам.

-         Өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

-         Мен Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулгам. Учурда Шамалды-Сай жергесинде жашайм. Көптөн бери ырдап жүрөм. Абдумалик агайдын “Доор таланттары” долбооруна катышып калдым.

-         Кандай ырларга жакынсыз?

-         Бул дүйнөнү көрө албаганыма байланыштуу кайгылуу ырларга жакынмын. Жакында эле апамдын көзү өткөнү үчүн да кайгылуу ырларды ырдап калдым.

-         Көрбөй калышыңызга эмне себеп болгон?

-         Төрөлгөндө ден соолугум жакшы болгон. Бир айлыгымда ата-энем уруша кетип, апамдын колунан түшүп кеткен экем. Ошондон улам көрбөй калыпмын. Апамдын мени көргөзбөгөн жери калбады. Тилекке каршы, жакшы болгон жокмун.

-         Эмнеге өкүнөсүз?

-         Көрбөй калганыма өкүнөм. Жарк эткен жарык жашоомо келсе деймин...

-         Ырдап жүргөндө, студияга барганда ким жардам берет?

-         “Доор таланттарына” кошулгандан бери агайым жандап жүрөт.

-         Жакында сизге арналган кайрымдуулук концерт өткөнү жатыптыр. Ошол тууралуу айтып бересизби?

-         Концерт 7-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт сарайында өтөт. Казылар, ырчылар, көптөгөн коноктор чакырылган.

-         Айнагүл эже, сиз эч өкүнбөңүз, анкени сиз бактылуу эне экенсиз. Балдарыңыз жөнүндө сүйлөп берсеңиз.

-         2008-жылы 23-февралда турмушка чыккам. 2011-жылы уулдуу, 2016-жылы кыздуу болдук, шүгүр, балдарымдын ден соолугу жакшы.

-         Алдыда кандай ой-максаттарыңыз бар?

-         Агай менен биргеликте иштешип, Диана Гурцкая сыктуу белгилүү ырчы болгум келет.

-         Сизге ийгиликтерди каалайбыз. Тилеген тилегиңиз орундалсын.

 

 

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930