ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Абдумалик Шерматов: “Чыгармачылыкта баш айланганда - тагдырда да башым айланган”.
Аудио угуу

 

Студиябыздын экинчи коногу: Маданияттын мыкты кызматкери, шоумен, актёр жана ырчы Абдумалик Шерматов. “Балдарымдын жалпы саны тууралуу айткым келбейт, жеке жашоомду да жар салып, элге малымат таратпаймын”-дейт.   

-         Абдумалик ага, сиз акыркы кездерде кайрымдуулук концерттерди уюштуруп жүрөсүз. Эмне үчүн кайрымдуулук концерттерине кайрылып жатасыз?

-         Себеби, тарых бар. Буга себеп апам кайрымдуу, мээримдүү бол деп ыймандуулукка тарбиялаган. Апам раматылык мугалим эле.

-         Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда эмне кеп?

-         Менин өзүмдө жаңылыктар көп. Мени көпчүлүгү эмнеге актёр болуп кетпедиң деп айтышат. Кайрымдуулук бул ар бир инсандын парзы. Кайрымдуулук концерттери менен жарды адамдарга жардам берип жатам. “Абдумалик агай, мага ыр жагынан жардам бериңиз”- деп көп кайрылышат. Себеби, мен 35 жылдан бери сахнада жүрөм. Баардык жактан жардам берем. Колдон келишинче изденип жатам. Өзүмдү мактагым келбейт, бирок, ким экендигимди билем. Мен максат коём, ошол максатка жетиш үчүн жүрөм. Тыным болгон учурда Абдумалик уктабайт. Көшөгө артында изденип жүргөн болот.

 

- Акыркы жолу өзүңүз тууралуу кандай кептерди уктуңуз?

- Тюменде гастролдоп жүргөм. Авто кырсыктан кайтыш болуптур деп айылдагы туугандарыма үйгө  тааныштарым куран окутканы келгендери болгон. Агам, келинчегим да бул кабарды укканда ишенишкен эмес.

А кээ бир тааныштарым “Жаткан жери жайлуу болсун”деп кой союп, мага бейиш тилеп бата кылгандары да болгон экен. Мындай ушак кептерди укканда муңкайып, “сакоо”, ден дароо болуп унчукпай калган кездерим болот. Мындай кабарлар ар бир адамды ойго салса керек. Жакшылыкка жоруп эле жүрөм.

 

Өткөн кезди сагынасызбы?

- Орустар айткандай бул “Носталгия”. Албетте кантип сагынбай ко алабыз. Сагынамын..

Чыгармачыл адамдар ар кандай болобуз. Биздин мээбиз 100 км. алдыда болушу керек.

Басып өткөн күнүбүз тарых.

 

- Канча уул-кызыңыз бар?

- Ушул суроого жооп берсем жашоом кызыксыз болуп калбайбы? Балким балдарым дагы көбөйүшү мүмкүн. Азыр мен баардыгын айтсам кызыксыздай болуп калат. Мен мынча аял алайын деген эмесмин. Менин бул тагдырым. Бул келинчегим жакшы карайбы же тигинисиби? Мага айырмасы жок.Эң башкысы балдарымды жакшы караса болгону ошол. Башым айланган учурда балдарым төрөлгөн. Чыгармачылыкта башым айланганда ушундай жолго барып калдым окшойт. Менин турмушум өзүмө багышталган. Балдарым тууралуу күндөрдүн бир күнүндө айтылаар. Балдарымдын арасында таланттуулары бар. Бирок, алар азыр жаш. Убагы келгенде билинээр. Таланттууларын билесиздер. Мисалы, кызым Маликаны...Ал апасы менен кеңешип ырдап чыкты. Эми калган уул-кыздарыма өмүр тилейм.

 

Уктурууну толугу менен аудио түрүнөн уксаңыз болот.

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930