ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Мидин Алыбаев: “Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың”.
Аудио угуу

 

Саламатсыздарбы урматтуу радио угармандар?! “Жүрөк сыясы” көркөм-адабий уктуруусунан сөз улайбыз. Сиздер бүгүн белгилүү кыргыз акыны, сатирик жана драматург Мидин Алыбаев жөнүндөгү берүүнү угасыздар.

 

Кош Сөңкөл, сен турасың кылым санап,

Мелтиреп кадимкиңдей көктү карап.

Кош Соңкөл! же келермин, же келбесмин,

Болжошту айтуу кыйын атаганат.

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да

Өтөөрмүн бир өзүңдү кайра самап.

 

Чыгармачылыкта улуу бир табылга бар. Ал да болсо, чыныгы талант. Андыктан көптөгөн ыр, роман, повесттер жазылып жүргөн адабият жөнүндө мындай бир улуу сөз айтылып жүрөт. Адабиятка баш багып, анын босогосунан өтүү өтө кыйын. Босогосунан өтүп, анын төрүнө өтүү ого бетер кыйын. Ал эми адабияттын төрүнө өтүп, ошол төрүндө биротоло калып калуу чанда гана жазуучулардын тагдырына туш келет. Демек, бүгүнкү биз соз кылчу инсан да дал ошол залкарлар арасында бар. Мидин Алыбаев да кыска өмүрүн адабиятка курмандыкка чалган. О,дүйнө салганына жарым кылым өтсө да элдин оозунда. Демек, Мидин Алыбаев да адабияттын төрүнө өтүп, төрүнөн орун алган.

 

ТЯНЬ-ШАНЬ

Береке! Байлыкка мол Ата Мекен.

Жүрөккө барлыгынан жакын экен.

Тияншан! Деген бир сөз ойго түшсө,

Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.

 

Жеримдин суусу – дары, таштары – алтын,

Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.

Таалайга тандап туруп жаралгансып,

Тияншан кышта жылуу, жайда салкын.

 

Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,

Ардагың артык мага, Тияншаным!

Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи

Ителги имерилген көк асманың.

 

Мөңкүшүп мол кашка суу өзөн сайын,

Кулакка симфония берет дайым.

Бейкутка, берекеге белги болуп,

Термелет тентек желге арча-кайың.

 

Жай-кышы бел кырчоодон чөпкө калың,

Кең Жумгал, Кара Кочкор, Аксай, Нарын

Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндө,

Бай элим күтүрөтүп айдайт малын.

 

Балбылдап, жылдызыңдан жагылат шам,

Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан,

Өсө бер,өркүндөй бер, таалайың бар,

Сталин көркүн ачкан кең Тияншан!

 

Тептегиз телегейиң алга барсын,

Алтын эл беш жылдыкта мөөрөй алсын.

Челекке айран, жуурат батпай ташып,

Шарпылдап сары саамал саба жарсын!

 

Кыргыз адабиятыбызда бүгүнкү күнгө дейре "Мидин айткандай", "Мидин мындай деген экен" сыяктуу сөздөр айтылып жүрөт. Анда, келиниздер баарын башынан баштап эсиниздерге салалы. Дегеле, Мидин Алыбаев ким болгон? Анын ырларындагы сырларын сиздерге толугураак сунуштайлы.

     

Акын, сатирик жана дрматург Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу экен. 1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин, Фрунзенин педтехникасында, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн. "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин республиканын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген. Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмүн поэзияга берген.

 

ЫЙЛАБАЧЫ

Билесиң го

Кансыз согуш болбосун?!

“Кан”–деп учат,

“Жан”–деп учат коргошун.

Кан майданда

Каза болгон көрүнөт,

Каалап тийген,

Кадыр шерик жолдошуң.

Эрдин эри

Кармашууда тандалат,

Эрлер чыгат,

Эл эрчитип алгалап.

Октор учат, эрегишкен кезекте,

Ажал издеп,

Этек жеңди жалмалап.

Ошол кезде,

Балким бир ок жаңылган…

Кимди билет?

Кимди тандайт?

Ал урган.

Кара кийдиң,

Кайран, эрден айрылып,

Сөгүлчүдөй бүт кайышып кабыргаң.

Кайрат кылчы,

Кара көзүн аарчычы,

Саамайың жый!

Садагасы сабырлан.

Жашык болуш

Жаман адам белгиси.

Күйпөл жүрөк,

Күйүткө бел алдырган.

Ыйлабачы!

Мончок жашың төкпөгүн.

Ардактуу угарман ушул жерде өзгөчө акындын сөзүнө жазылган обондуу ырларга басым жасагым келет. Анткени, Ала-Тоого деген ыр ар бир кыргызмын деген патриоттордун сүйүп уккан ыры. Анда келиниздер кыскача обондуу музыкалык тыныгууга кезек берели.

 

        

Мидин Алыбаевдин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген. 1937-жылы Мидин Алыбаевдин "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге "келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын" деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк "Акчүч", "Мидин" жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор таандык.

 

“АК ЧҮЧ!…”

I

Рас,

Аялдар

Биздин коомдо чоң күч.

Бирок,

Арасында (анда-санда) бар:

Аккол

“Акчүч”.

Аккол дейбиз,

Ал анткени–

Колу тийбейт

Оор же кара жумушка.

Эзелтеден эби келбейт

Кечирээк жатып, эрте турушка.

Чоочунча коомай карашат

Коомдук жана үй турмушка.

Эри “эрксизден” эч нерсе айта албайт.

Тарелканы

Асманга ыргытып урушса.

“Акчүч” дейбиз,

Ал анткени–

Бир демеге

Ачуусу келсе эле,

Жата кетет үшкүрүп.

Күйөөсү “акчүч, жаным!” деп турат,

Кокус калса чүчкүрүп.

“Байкуш” эри,

Көптөн бери

Сырын алдырган–

“Музоосунда сүздүрүп”…

 

II

Жолдош окуучулар!

Сиздер ойлобогула:

–“Булар,

Күнгө күйбөс,

Суук тийбес,

Жерде багылган”.

Алган

Жардан сыймык көрүү–

Ал аялдын “багынан”

Ошондуктан,

Аккол жеңе–

“Багы” менен кабылган.

Аны

Жары

Артык көрөт жанынан.

Айланып

Көзүнүн агынан,

Сылап турат далыдан.

Мына ушундай

Эркелетет абыдан

 

Убакыт учуп, жылдар жылып адабият жаатында таланттар канчалык көкөлөп кетпесин, канчалык мыкты таланттар келбесин, бирок Мидин Алыбаевдин ырлары окулуп, уламдан улам көп талап кылына баштаганы бул демек, алдыда дагы да окула бермекчи. Акындын кызы, белгилүү китеп-сүрөтчүсү Зарема Мидинова айрым маектеринде мындайча эскерет: “Апамдын айтуусу боюнча атам айтчу экен "Мен бутумду жылуу сууга салып отуруп ыр жазбайм" деп. Толкунданып келип эле ыр жазып, ошо бойдон кагаздарын чогултуп барып эле редакциядан чыгартчу экен. Балдары ойноп, чачын жулмалап, эркелеп отурса деле ыр жазып отура берчү. Өтө жөнөкөй, назик болгон экен. Эл көп ичет дешчү, туура, ичип келгенде, буту түз басып келип, эч качан тили мас болчу эмес дейт. Сүйлөгөн сөзү, кайра ошол кездерде курчуучу деп эскергени бар.

 

Уулум укта, көзүңдөн мен садага,

Тагдыр деген, талант берген мага да.

Табийгат да калыстыгын кылыптыр.

Тең болсун деп, ата менен балага.

 

Уулум укта, же жазуучу, же болорсуң сүрөтчү.

Ошон үчүн сенден тилейм тилекти.

Келечегиң кемтик болбос иш үчүн

Керек болсо сууруп берем жүрөктү!

 

Уулум укта, ойногондо күлүп кой,

Кирпик ачып, көздү мага тигип кой.

Атайылап мага арнаган экен деп

Атаң жазган ушул ырды билип кой!

 

Баарыныздарга белгилүү болгондой эле акын сатира жанрына да шыктуу болгон. Кимди да болсо күйгүзө жазган: Бир жагынан жомокко жакындап, экинчи жагынан романга жакындап. Кээде повести такымдап. Түзүк жазылды "Каныбек" кара шакылдак. Автордун оюна койсо Какемди улам өзгөртүп турмак. Кээде калпак кийгизип, кээде тумак. Илимдер Академиясына мүчө корреспондент кылып тынмак, же Каныбек министр болуп жаны тынмак.

 

САГА

Жайдын түнү… Аба салкын, ай жарык,

Көп жүрдүк го бак аралап айланып.

Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:

“Болдучу эми, түн ортосу, кайталык…”

 

Дедиң дагы мага карап токтодуң,

Колду сундуң коштошчуга окшодуң.

“Эсен тур” – деп оң колумду бек кысып,

Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.

 

Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым,

Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.

Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,

Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.

 

КЫЗ ЖАНА ГҮЛ

Кызды көрдүм кыпкызыл гүл кармаган,

Өзү жалгыз, жигити жок жандаган.

Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,

Биле албадым гүлүн кимге арнаган?

 

Жыттап коет. Эки жагын каранат.

Жапжай басат аллеяны аралап.

Карындаштын колундагы кызыл гүл

Кимге буйруп, болсо керек аманат…

 

Кыз алдынан чыга келген бир жигит.

Токтой калды кызыкканын билдирип.

–Гүл жыттатчы–деди жигит шар айтты

Кыйын ишко, жаш кездеги жиндилик?!

 

–Койгун жигит, колтуктаба жанашпа!

Койгун жигит, колдон гүлдү талашпа!

Орой мүнөз одоно өскөн окшойсуң

Оозум барбайт сени теңтуш санашка!

 

Да бир жигит жолдон чыкты күлмүңдөп,

“Өзү сонун, өңү сонун бул ким?” деп.

Шар айталбай көзүн тикти гүлүнө

Уяң жигит сүйгөндүгүн билдирмек.

 

Кыйгач басты кыз көңүлүн салбады.

Мурдун чүйрүп, муну теңге албады.

“Бирөө орой, бирөө жеткен уяң” деп

Оолак басты оңдоп гүлүн кармады.

 

Кеч киргенде бирөө чыкты жолунан.

Бирок гүллү сураган жок колунан.

Айла кетип кыз өзү гүл сунганда:

–Албайм–деди–гүлүң эчак солуган…

* * *

Кээде бүркөө, кээде жарк дейт кабагың,

Кантип сенин кыялыңды табамын?

Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да,

Ээрчип жүргөн көлөкөңдөй санадың…

 

Сүйүү, жаратылыш, жашоо жөнүндөгү ырларды жазуудан сырткары Мидин Алыбаев сүрөттү да жакшы тартчу экен. Тагдырдын жазмышы менен ал 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болот. Мидин Алыбаевдин кокустан эле жана табышмактуу өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, достору, устат-шакирттери, деги эле поэзия сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жана чоң жоготуу болгон.  Калеминен жаз гүлүндөй, тоонун жумшак желиндей назик ырлар менен кошо, бычактын мизиндей курч, аткан октой таамай, ачуу да, адилет да сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидинди жоктогондор көп болгон дешет замандаштары. Акындын шакирти Байдылда Сарногоев бул жөнүндө төмөнкүдөй ыр саптарын жараткан:

 

Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,

Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,

Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт, 

Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!

 

“Кош Сөңкөл, сен турасың кылым санап,

Мелтиреп кадимкиңдей көктү карап.

Кош Соңкөл! же келермин, же келбесмин,

Болжошту айтуу кыйын атаганат.

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да

Өтөөрмүн бир өзүңдү кайра самап” деген ыр саптары ушул күнгө дейре ар бир кыргыз жаранынын жүрөк түпкүрүгүндө орун алган.

 

БАЯГЫ

Ким ойлосун өткөн ишке жетем деп,

Бирок болбой, кыял бийлейт жетелеп.

Бир кубантып, бир өңүмдү кумсартып,

Чиркин бир түн, дагы эле эстен кете элек.

 

Жаш кыз элең жаңы таштап лентаны,

Уялтчу эле кара бактын эл жагы.

Сүйө билген, бирок сенден сүрдөгөн,

Ошол кезде жаш болчумун мен дагы.

 

Сен жер карап, уялчу элең ар качан,

Бир сыр менен жумшак колуң кармасам.

Кетейинчи, апам тилдейт дечү элең,

Шайтан басып, эми унутуп калбасам…

 

Жылдар өттү. Капыс жерден кабылдым,

Көзүң жылуу… тааный албай жаңылдым.

Бешкөкүл кыз! Бетиң башка болуптур,

Чач агарды, мен да жашка багындым.

 

Сен тааныдың, көзүң-көзгө кадалды,

Бирок, алтын, айта албадың саламды.

Айлам кетип, амандыгың сурабай,

Алып өптүм колуңдагы балаңды.

 

Өткөн ишти эми кайдан табасың,

Бир козгодук эски жүрөк жарасын.

Балаңды өпсөм, өзүңдү өпкөн эмедей,

Жаш чалыптыр кирпигиңдин арасын.

 

Сүйдүм, сүйдүң бир кезекте ченебей,

Минутунду миң жылдарга теңебей.

Таалай укмуш! Сүйүү бүткөн капкачан,

Тартылды бейм көз алдыдан кемедей.

 

Өткөндү эстеп бузба, жаным, каныңды,

Жаш кезекте ким кечпеген жалынды.

Эскини эстеп элжирөөнүн ордуна,

Эми сыйла сүйүп алган жарыңды.

 

Өткөн сүйүү жүрөгүңдү жаралап,

Билем, алтын, санааң алыс таралат.

Мени көрдүң, кылт эсиңе түшкөндүр,

Баягы түн, жашыл шибер, кара бак.

Заман жыргал сен да шайыр, мен шайыр,

Калган өмүр өтсө болду саламат.

 

"Кечээги көргөн бүгүн жок" болуп, канча бир дүңгүрөгөн ысымдар өтүп кетти. Ал эми Мидин Алыбаевчи? Улам мезгил алыстаган сайын бизге кайра ал жакындап, кыргыз адабиятына ак жарык чачып, өмүрдүн албас бактысына ээ болуп, тирүүлөр эле эмес, атүгүл жылдар менен жарышка түшкөнсүп биз менен кошо келет.

        

Урматтуу угармандар сиздер менен бүгүнкү уктуруубузда Мидин Алыбаевдин ыр сересине саякат жасадык. Кайрадан обо аркылуу угушканча эсендикте турунуздар.

 

 

   Уикипедия, Азаттык жана Спутник-Кыргызстан

сайтындагы маалыматтардын негизинде даярдалды.

 

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

Монтаждаган Белек Култаев.   

 

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31