ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кайрымдуулукту жамынып, акча иштегендер көбөйдүбү?

 

Кайрымдуулук концерттер, жардам колун сунунуз деген лозунгдар айтор, чакырыктарды акыркы убактарда социалдык тармактардан, жарнамалардан да көп кездештирчү болдук. Албетте, кайрымдуулук иш аракеттери элибизде байыртан эле кабылданып, колунда барлар колу жукаларга кол кабыш кылып келген. А бирок, тыйындын экинчи жагын карай турган болсок, кайрымдуулук деген аты гана болбосо бул сөздү айрым инсандар жеке кызыкчылыкка колдоно баштагандай сезилет.

        

“Бүгүн биз сиздер менен түз эфирде дал ушул кайрымдуулукту жамынып, акча иштегендер кобойдубу” - деген суроонун айланасында талкуу жүргүзөбүз.

 

Коноктор:

1. Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Исаев Базарбай.

2. «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун директору Тайырбек уулу Бегалы.

3. Жарандык коомдун мүчөсү, жаш актибист Жээнкулов Асранкул.

 

Буга чейин деле угуп, окуп жүрсөңүздөр керек. 2012-жылы гезит беттерине чыккан макала боюнча буту баспаган жигитке элден акча чогултулуп, а бирок ал жигит бүнгө күнгө дейре эч кандай медициналык жардам албай келе жатканы белгилүү болгон. Ал эми айрым учурда кайсы бир мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын сүрөтү чапталып, концерттер акциялар уюштурулуп, бирок жыйынтыгына келгенде эч бир акча колуна тийбегенин айтып чыгышкандары да бар. Эми буга окшогон мисалдар көп.

 

Суроолор:

1. Алгачкы суроо кайрымдуулук иштери өлкөбүздө кандай денгээлде бара жатат? Чынында эле бул пиардын түрүнө айландыбы?

2. Кайрымдуулук иштери мыйзам чегинде кандай бекитилген?

3. Өлкөбүздө, шаарыбызда жардамга муктаж канча адам каттоодо турат?

4. Кайрымдуулук бир гана банк эсебин ачып, акча аркылуу гана жасалабы же…?

5. Сиздер кайрымдуулук иштерине катышып турасыздар, а бирок анын жыйынтыгына да мани бересиздерби?

6. Бир колун бергенин экинчи колун көрбөсүн деп айтылат динде. Бүгүн бул принцип иштөөдөбү?

7. Биз дал ушундай жумуштар менен инсандардын мээримдүүлүгүн, боорукердигин көтөрөбүз. А бирок, башка адамдарды даяр тамакка үйрөтүп жаткан жокпузбу? Балким, аларга балыкты кармаганды үйрөткөндүгүбүз зарылбы?

8.  Көбүн эссе кайрымдуулук иш-аракеттерге, демилгелерге кимдер активдүү деп эсептейсиздер?

9. Эми гуманитардык жардамдар тууралуу токтолсок, өз учурунда берилеби?

 

Кошумча маалымат: 1998-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигин реорганизациялоо учурунда гуманитардык жардам боюнча топтолгон маалымат базасы жоголуп кеткен. Ошондуктан Кыргызстан канча гуманитардык жардам алганын азыр эч ким так айтып бере албайт. Ошондой болсо да акыркы 5 жылдын ичинде чет өлкөдөн жылына орто эсеп менен 2 млрд. сом (40 млн. доллар) гуманитардык жардам келип турганын эске алып, 15 жыл ичинде 700 млн. долларга жакын гумантирадык жардам түштү деп болжолдосо болот. Бирок бул сумма бир аз көбөйтүлүп кеткен болуп чыгышы да мүмкүн. Эмне дегенде, донорлор өздөрү алып келген жардамынын наркын койгондо, алар аны адатта бир топ көтөрүп жазышарын айтышат.

          

Биздин өлкөгө келип түшкөн гуманитардык жардамдын 60% дары-дармектер жана медициналык жабдыктар түзөт. Андан кийинки орунду көлөмү боюнча кийим-кече ээлейт. Тамак-аш продуктылары болсо 2% гана тегерегинде. Биздин өлкөгө гуманитардык жардамды негизинен АКШнын, Германиянын, Франциянын жана башка батыш өлкөлөрүнүн кайрымдуулук фонддору жана диний уюмдары жөнөтүп турушат.

 

Кечээ, «Элим барсынбы?» кайрымдуулук фонду кезектеги «Мээримдүү тыйын» акциясын өткөрүп андан 283 300 акча каражаты чогултулганын жарыялады.

 

Жыйынтыктоо: Кайрымдуулук кылып туруу ар биринин колунан иш келип турган адамдын инсандык милдети. Элге маданияттын үлгүсү, жакшы жашоонун күзгүсү катары таасир калтырып келген биздин белгилүүлөрдүн кайрымдуулук иштер үчүн канчалык аракет көрүп тураары боюнча айтсак, ар кимиси ар башкача. Мисалы, көбү кайрымдуулук концерттерге катышышса, айрымдары акча эмес моралдык жактан жардам берем деп билдиришет.

          

Кайрымдуулук аркылуу биз жүрөгүбүздөгү сүйүүнү башкаларга бере алабыз. Амандашканча!

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы.

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930