ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Интернет аркылуу таанышып үй-бүлө курууга болобу?
Аудио угуу

 

Соңку кездери кыргыз коомчулугунда өзүнө түгөй издеген кишилерге кызмат көрсөткөн тармактар көбөйүүдө. Жаштарды тааныштырууга интернеттеги социалдык тармактар, таанышуу баракчалары, теле-радиодогу жарнамалар, тааныштыруу агенттиктери ортомчу болот. Азыр кыргызстандыктар интернетте жергиликтүү социалдык түйүндөрдөн тарта глобалдык тармактарга чейин катталышат. Канчалган таанышуу баракчалары дагы бар. Интернет аркылуу бактасынын тапкан инсандар да бар. Бирок, бул виртуалдуу таанышуу инсандар ортосундагы мамилени женил ойлуу кабыл алуусуна туртку болууда дегендер да бар. Бүгүнкү биздин темабыз “Интернет аркылуу таанышып үй-бүлө курууга болобу?”-деген суроонун айланасында талкуу жүргүзөбүз.

 

Студиянын коноктору:

1. Ош шаардык ЖААКтын жетектөөчү адиси Жибек Ыдырысова

 

2. ОшМУнун психология кафедрасынын окутуучусу, психолог Айлазат Эрмекова

 

3. “Одноклассники” тармагы аркылуу таанышып, үй-бүлө курган, Ноокат районунун тургуну Тынчтыкбек Каныбек уулу

 

4. Жаш активист, журналист Мырзажигит Атабаев

 

Суроолор:

1. Үй-бүлө куруунун кандай ыкмалары бар?

2. Бүгүнкү күндөгү жаш үй-бүлө кандай болушу керек?

3. Акыркы статистикалык маалыматтарга токтоло кетсениз?

4. Үй-бүлө куруунун мыйзамдуу шарттары кандай?

5. Интернет аркылуу таанышып үй-бүлө куруу дегенге кандай карайсыздар?

6. Жубайлар ортосундагы мамилени азыркы өнүккөн технология бекемдей алабы?

7. Интернет аркылуу таанышуунун жыйынтыктары кандай болууда? Психологиялык анализ?

8. Ажырашуулардын болуп жатканына балким, виртуалдуу таанышуулар да өз таасирин тийгизүүдөбү?

9. Соц.тармактар аркылуу адамды канчалык денгээлде билүүгө болот?

 

Кошумча маалыматтар: Таанышуунун бул өңдүү виртуалдуу ыкмалары кыргыз коомчулугунда соңку кездери гана жайылганын байкоочулар белгилешет. Азыр көпчүлүк жаштар иштен колу бошобогондуктан, өзүнө түгөй табуу үчүн ортомчулук кызматтарга муктаж экени айтылып келет.

          

Мындан улам соңку жылдары тааныштыруу кызматтарын сунуштаган тармактар кеңейип, ар кыл жарнамаларды кездештирүүгө болот. Ал турсун турмуш курууну каалагандарга жуучу же жене болуп берем деп жарыя бергендер дагы бар.

 

Жыйынтыктоо: Үй-бүлө деген өз мыйзамдары бар кичинекей мамлекет. Ал мамлекетте ар кимге өзүнө жараша укуктар берилген. Үй-бүлө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана түшүнүктүү болуп, алар сакталууга тийиш.

 

Даярдап, эфирге алып чыккан Элиза Кочкор кызы

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930