ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Меңди Мамазаирова: "Жолон менен мени ыр табыштырды".
Аудио угуу

 

Ыр жандуу угармандарыбыз үчүн кайрадан “Жүрөк сыясы” уктуруусу обо толкунда саламатсыздарбы?! “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, коомду түйшөлткөн нерселерге, дегеле жаратылыштагы ар түрдүү окуяларга акындар ыр аркылуу жооп кайтарышаары анык. Андыктан, бүгүнкү уктуруубузда акын, жазуучу, прозаик Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Менди Мамазаированын чыгармачылык дүйнөсүнө баш багабыз.

 

Саламатпы, мен сүйгөн окурман".

Ыр-кечемди жарык нурга толтурган.

Меңди акындан көнүлгө дем ыр күтүп,

Жакшылыктан үмүт үзбөй отурган.

 

Бул өмүрдө кыйла иштерди жасадым,

Газета, радио, телеэкранда жашадым.

Менин жазган повесттерим, романдар,

Эл ичинде улап келет сапарын.

 

Тирүүлүктүн нак жалынан кармадым,

Бир топ жылды драмага арнадым.

Түзгөн образ сахналарда ойнолуп,

Эл-журтума берип келет жардамын.

 

Бүгүн болсо, поэзиям-канатым,

Жүрөгүмдүн сыр сандыгын ачамын.

Жашооңорго Саманчынын жолундай,

Ырларымды жылдыз кылып чачамын.

 

Урматтуу угармандар бардык нерсенин башаты болгон сынары эле, эн алгач биз да Меңди эжекебиздин табият тартуулган таланты, шык-даремети баёо сезим балалыкта учкун сыякту упайда болуп, кийин алоолонуп жангандыр деген ойлор менен балалык кези кандай өткөнү, кайсы жерде өткөнүнө кызыгып, телефон аркылуу суроо салдык. Анда акындын өз оозунан угалы.

 

Меңди Мамазаирова

 

Төлөйкөндүн кызгалдактары

Ак –Буура.....

Өйүз-бүйүз өрт алгандай алоолоп,

Кызгалдактар кыйырыбызды бүт каптап.

Сен карасаң жонго чыгып мен жакты,

Мен карасам кызыл күндөй сен тарап.

 

Кызгалдактар доору сүрүп турчу эле,

Күндөр күндөн, айга барып толчу эле.

Эчен жолу мен болупмун дестелүү,

Эчен жолу сен болупсуң бактылуу.

 

Ошол кездер... Ай чыккандай булакта

Жарык эле бешенеси жылдыздай

Айдың жылдар жашаң эле ууздай,

Шыңгыраган үнү калды кулакта.

 

Шыңгыраган үнү калды ууздай,

Кызгалдактай түсү калды алоолоп.

Сен жоголдуң кабарыңды угузбай,

Мен соолудум кызгалдактай жалооруп.

 

Өрт алгандай кызгалдактар сен жакта,

Түшкө кирет өтмүш болуп өмүрдөн

Кызыл күндөй алоологон мен жакта

Эбак, эбак тикенекке көмүлгөн.

 

Меңди Мамазаирова эжекебизди көбүн эсе прозаик, дарматург катары таанысык, бир топ аңгемелер, повест жыйнактарынан кийин поэтикалык ыр жыйнактарына да ортоктош болуп жүргөндөрдүн катарында мен да бармын. Өзгөчө “Элим, ай” деп аталган поэтикалык жыйнагын окуп чыккандан соң, кадимки акындын ой-толгоо, сезимдерин өзүмдөн өткөрүп көрдүм. Ал эми ардактуу угарман бүгүнкү уктуурубузда сиздерге дал ошол жыйнактагы ырлардан сунуштап жатабыз. Дегеле, проза жанры менен поэзиянын айырмасы канчалык экенин Меңди эжекебиз төмөнкүчө чечмелейт.

 

Меңди Мамазаирова

 

Менин үнүм

Ушактарга уукпаган,

Албарс кылыч кеспеген.

Кирдүү колго кармалбаган,

Мылтык огу жетпеген.

 

Айыңдарга жеңилбеген,

Ач күсөндө асылган.

Кирдүү бутка тепселбеген,

Орго түшпөс казылган,

Ал-менин үнүм.

 

“Баш кессе да, тил кесмей жок”,

Деген соз бар калкымда.

Бул улуу салт тиешелүү,

Элчи менен акынга.

Кайсыл мезгил, кайсыл бийлик,

Акын үчүн барабар.

Эл мүдөөсүн эрте сезип,

Көкүрөгү жарадар.

Ийининен баш кетсе да,

Ар-намысын кетирбей,

Өкүмдарга тике карайт,

Кудайдан да талап кылат,

Тайсалдабай ак сөздү

Айтып келген акындар.

Асыл салтты карманам да,

Кыргызымдын кайратынан –

Жаалданган үн менен,

Эл башына түшүп турган,

Чалкеш, кыйын күн менен,

Мекендешке менин дагы,

Кайрылууга акым бар!

 

Акын эжекебиз бул жашоонун өлбөс-өчпөс темасы катары Мекен, Ата-Журт, эл жана туулган жер жөнүндөгү андан сырткары, инсан жашоосун курчаган ак-кара түстүү боектор сыяктуу, капалык менен кубаныч сыяктуу темаларды эсептейт.

 

Меңди Мамазаирова

 

Албетте, жашоо бул күрөш. Ал эми жеңиш күрөшүп жеңгендики деп коюшат. Анын сынары тагдыр буйруп Меңди эжекебиз даңазалуу акын Жолон Мамытовдун жубайы болуп, чыныгы чыгармачыл үй-бүлө коломтосу тутанат. Дегеле, Жолон Мамытов - ырларына обончулар өтө арбын карылган акын. Өзгөчө жупуну кыргыз турмушунан өнүп чыккан “Отту сүйөм” поэзиясы бүгүн да кыргыз адабиятынын алгачкы сабында. Бирок анын таланты менен тагдырынын артында Меңди Мамазаирова аттуу зор жардамчы болгондугун көпчүлүк биле бербесе керек. Бүгүнкү каарман өмүрлүк жолдошу Жолон Мамытов тууралуу буларга токтолот.

 

Меңди Мамазаирова 

 

“Аял болуп сулуу болбоо, табигатты алдагандык!”-деп  белгилүү инсан Мухтар Шаханов белгилегендей, чынында аялзаты назик жана сезимтал келебиз. Бул сапаттар айрым акындардын белгилөөсүндө, жазган эмгектеринде да дароо эле байкалат деп айтышат. А бирок, башкалардан обочороок бүгүнкү каарманым бул пикирге макул эмес. Балким, менин жаш кезимден эркектер арасында өсүп чонойгонум, бетке айтып, тартынбай баарын курч берүүгө түрткөндүр деп эсептейт.

 

Меңди Мамазаирова

 

Белгилүү жазуучу, акын драматург, публицист Меңди Мамазаированын ырлары акындын акындыгына, эң алды менен керт баштын кызыкчылыгы, кайгысы, кубанычы, гөр тирилик, ыпыр-сыпырдан өйдө, улуу Ата-Мекенди көздүн карегине, жүрөктүн толтоосуна катып туруп ырдоодо экендигин эскертет.

 

Меңди Мамазаирова

 

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы

Монтаждаган Белек Култаев

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31