ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Каныкей: “Энелик бакытка балкып турган чагым”.

 

“Жашоо бар, жашаш керек”-деген ураан сөздүн автору, учурда бала жытына балкып, бактылуу апа болгон ырчы айым Каныкей менен бир чай кайнамга маек курдук.

 

 

- Саламатсызбы Каныкей.

- Саламатчылык “ЭлFM” радиосунун жамааты.

 

- Чыгармачылыкка кайра кайттыңызбы?

- Чыгармачылыкка толук кайттым деп айта албаймын. Учурда бала менен убарамын. Бакытка балкып турам. Албетте, ыр менен алектенгени аракет кылам.

 

- Чет жакадан да сунуштар болуп жатканын уктук?

- Сунуштар болуп жатат. Бул бат эле болуп кетүүчү нерсе эмес. Бул сунуштарга ойлонуу керек. Сунуштар ишке ашуу үчүн убакыт керек. Буюрса сунуштарды колдон чыгарбай иштешүүгө аракет кылам. Орус продюсери менен келечекте болуучу пландар тууралуу сүйлөштүм. Талыкпай иштөөгө аракет жасаймын. Азырынча сыр катып турайынчы.

 

-  Жашооңузда кандай өзгөрүү болуп жатат?

- Бойдок кез менен азыркы кезди салыштырууга болбойт экен. Бактылуулук ар бир жашта бар. Азыр үй-бүлөлүү кездин ырахаты башка экенин сездим. Балам бар, сүйүктүү жолдошум бар. Аялзатына керек болгон бакыт менде бар. Жашоонун ырахатына бөлөнүп турган кезим.

 

- Жакында кандай темадагы ырларды уга алабыз?

- Жаш кезде көп жаздым. Турмушка чыккандан бери жакшы ыр жаза элекмин. Азыр чоңойдум окшойт деп ойлойм. Ырларга олуттуу мамиле жасап келем. Жөн эле ырларды чыгаргым келбейт. Менин ырларым, менин аткаруумдагы ырлар жүрөктөн чыгышы керек. Мен ошол ыр чыга турган убакытты күтүп жатат окшоймун.

 

- Стилиңизди алмашууга оюңуз барбы?

- Стил бул продюсерден көз каранды. Ырчыны ырчы кылып чыгаруу, аны көзөмөлдөө... Мен ырчы, аткаруучумун. Келбеттин өзгөчө болуусун продюсер чечет. Мен доолбоорлуу командада иштеп көнгөм. Продюсерим өзгөрт десе, башкача Каныкей болууга даярмын.

 

- Шоу бизнесте сиздин досторуңуз барбы?

- Баардык ырчы аткаруучулар менен саламым түз. Берилип сүйлөшкөн, сырдашкан досторум жок. Шоу чөйрөдө жакшы мамиледе болуу керек. Адамзат бирин-бири сыйлап өтүшү керек. Ырчылар менен көрүшкөн жерде саламдашып, түз мамиледе болгум келет.

 

- Кимдер менен дуэт ырдагыныз келет?

- Такыр оюма келбептир. Дуэт тууралуу ойлонбоптурмун. Бирок, кээ бир майрамдык концерттерге арналган ырларды элге таратуу үчүн эмес, майрамда бирге ырдоо үчүн аткарып жүрөм. Клип тартып, ырдап, дуэт тууралуу ойлоно элекмин.

 

- Жаңы жыл босогодо. Аяз атага биринчи кат жазганыңызды эстеп өтсөңүз?

- Аяз атага жаш кезимден бери эле ишенген эмесмин. Аяз атага кат да жазуум болгон эмес. Аяз ата болсо да, кат жазмак эмесмин. (күлүп)

 

 

- Күйөрмандарга каалоо-тилек.

- Күйөрмандарымды сезем, алар бар. Баары менин ырларымды күтөт. Ырларым чыгат, бирок, убагы келгенде. Тынч бололу. Жашоо бар, жашаш керек.

 

Чыгармачылык эргүү каалайбыз!

 

Маектешкен Р.Рахманалиев

 

<< November 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930