ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Тенти Адышева: “Дүйнөдөн акын кетет, асыл кетет”.
Аудио угуу

 

Рух дүйнөсү түбөлүк турчу керемет дүйнө дейбиз. Бирок ал асманда асылып турчу нерсе да эмес. Ар убак анын күйөрманы болуп,  маңызын ачып, маанисин арттырыптурбаса, ал дагы азып, тозуп кетери бышык. Рух дүйнөсү   бийик жана таза адамдарыбыздын асыл дүйнөсүн аңтара билип, аны жан дүйнө азыгына айлантып, муундарга суна билүү тирүүлөрдүн ыйык парзы деп ойлойбуз.

 

“Дүйнөдөн акын кетет, асыл кетет,

Сөз калат өлбөй элдин кенчи болуп,

Сөз калат урпактарга энчи болуп”, – деп улуу акын эжебиз Тенти Адышева дүйнөдөн өткөн улуу акындардын, асылдардын артында өлбөс, өчпөс улуу сөз калып, кылымдан кылым карытып жашай бере турганын “Улуу сөз” деген ырында ушундайча жазып кеткен экен. Ушул саптарын бүгүнкү күнү эженин өзүнө арнап, артында элдин кенчи, урпактардын энчиси болуп, сөз улугу, сөз сулуусу, сөз бермети поэзияңыз калды деп айта алабыз. Урматтуу угармандар бүгүнкү уктуруубузда Кыргыз Эл акыны Тенти Адышеванын ыр жана сыр дүйнөсүнө баш багабыз.

 

САГЫНУУ

Келер жылдын жанга артык жагымы,

Бирок, билсең бул да өмүр агымы.

Бала келсе бул дүйнөгө баркырап,

Адам кетер, ал турмуш го табигы.

Күлкү менен кубандырса жүрөктү,

Кээде болоор капа чегип, жабыгуу.

Келчү жылга жетелешет үмүттөр,

Кеткен жылга менде күчтүү сагынуу.

Жаңы жылда жоготуудан көп болсун,

Кийин бизди сагындырар табылуу!

 

СҮЙҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Махабатты баяндашып —

эчен түрлүү кеп айтат…

Улгайгандар сүйүүсүнө

улуу-кичүү жеме айтат:

Алтымышта сүйөт десе —

«Алжыганы» деп айтат.

Элүүлөрдүн сүйүүлөрүн

«Эси жоктук» деп айтат.

Андай болсо айткылачы курдаштар,

«Сүйүү жашты ылгабайт» — деп неге айтат?

 

Тенти Адышеваэжекебиздин дүйнө, өмүр, чыгармачылык жөнүндө асыл ой толгоолору, жаркын көз караштары, аруу сезимди туюндурган тунук сөздөрүн окуп олтурсан чынында жан дүйнөң балкый түшөт. Анын ички дүйнөсү мелмилдеп чалкып жаткан Ысык-Көлдү элестетип турчу-деп жазат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гүлсайра МОМУНОВА.

     

Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева 1920-жылы 19-апрелде Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында акын ата мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган.

          

«Акын» деген алгачкы ыры 1947-жылы, «Заманам», «Жарык дүйнө», «Ак пейил адамдар үчүн», «Ой толгоо», «Менин күнүм», «Тандамалар» аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал болгон. Ошондой эле «Жаңылдын элеси», «Өмүр жолу», «Жүрөктөгү так» сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. Өзү врач болом деп, медициналык билим алып, ошого даярданып келсе да турмуш, тагдыр, талант аны поэзия дүйнөсүнө өзүнөн өзү алып кеткен экен.

 

АЯЛДАРДЫН БАКТЫСЫ

Күн чачырап гүлүн ачып жаштыгы,

Сүйүү келип суусун берсе — бактысы.

Жагалданып аял түрү кулпурат,

Жары болсо азаматтын жакшысы.

 

Балкып дене бал жуурканга айланып,

Бала тапса бул аялдын бактысы.

Ак бешигин ай нурунда терметип,

Ал баланын, ал тынчтыктын сакчысы.

 

Ар адамдын эмгегине жараша.

Аз да болот, көп да болот бактысы.

Эмне келбейт аялдардын колунан,

Эмгегинен келсе баар тапкысы.

 

Адам баркын — аялдардын кордогон

Ал күндөрдүн ашкан эле запкысы,

Аял аты ардак менен аталып

Азыр кымбат, анык ушул бактысы.

 

Тенти Адышева адабиятка өз үнү, өз ажары менен келген. Калемдештери ортосундагы айрым бир күнүлүштүккө каршы туруп, минтип айтканы бар: “Ар бир жалбырак өз үнүндө шыбырайт, ар бир жылдыз өз алдынча жаркырайт” дегендей, ар бир акындын өз үнү, өз деңгээли, өз көз карашы, өз тагдыры, өз көйгөйү бар. Дүйнөдө канча адам болсо, ошончо өңү-түсү болгондой эле акындар да ошондой, талашып-тартыша турган эч нерсе жок. Баарыбыз түрдүү үндө сайрап келип, бир адабияттын симфониясын түзөбүз”, – деп белгилейт.

 

Мен бактылуу –

Муңайым күнүм менен.

Ыр сабында угулган үнүм менен.

Бирде күлүп,

Бирде ыйлап жүдөө тарткан

Бирок нурдуу адамга түрүм менен.

Мен бактылуу –

Улуу жарга убайлуу

Күйүүм менен,

Өйдө-ылдый

Өкүнүч болсо дагы

Бул өмүрдү –

Чеги жок сүйүүм менен!

 

Дүйнөдө адамдын эң жакыны, эң кымбаты ата менен эне эмеспи. Адамдын адам болуп калыптанышы да, сүйүүлөрдүн башаты да, тарбиянын тамыры да ата менен энеден. Ошол ата менен энесине болгон чексиз сүйүү төмөнкүдөй ыр саптарына айланган:

 

Силер жок – көзгө урунат көл бөксөсү,

Силер жок – ушул элдин бош көчөсү…

Чок жатат жылуу жетпей алаканга,

Күү эзет күңгүрөнгөн ай-ааламга.

Чөйчөктүн көзү тиктейт тигил бурчта,

Энекем даам таттырган ар адамга.

 

ЭНЕ-АТАМ

Элге келсем эске түшөт эчендер: —

Бурганактап карга айланып оюм жаап.

Катмарларын малталаймын кайралап,

Кайран атам басып өткөн жолун таап.

 

Санаа келет сапырылып сабаалап,

Бирин-бири жетектеше желе чаап.

Башты салып барган сайын үңүлөм,

Байкуш энем басып өткөн жерди таап.

 

Жолдор жатат узун, кыска ийрилип,

Тамга болуп, тарых болуп чийилип.

Өткөн эле атам, энем бул жолдон,

Өмүр жүгүн оор көтөрүп ийилип…

 

Баскан атам, шашкан энем оолугуп,

Келе берип, кээде үшкүрүп олтуруп.

Ошондо да өмүр жыргал, жакшы деп,

Даңазалап пейли менен толтуруп.

 

Ушул жолдон атам, энем өтүшкөн,

Жүк көтөрүп, оор көтөрүп аркалап.

Ошондо да өмүр кызык, сонун деп,

Марасына бара берген алгалап…

 

Алтымыштан ашкандарга

Али кыздай көрүнөм,

Кырктын кырын баскандарга

Кыйла жерге бөлүнөм.

Элүү жаштын эрмегимин

Эркелеткен көңүлүн.

Кечээ эле гүл жайкадым

Көөнү толкуп көбүнүн,

Караганча кайып кеткен

Кандай укмуш өмүрүң!..

 

Ыр адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү. Тенти Адышеванын жөнөкөй кичипейил мүнөзү да ал өзү жазган ырына чагылышып турат болчу дешет калемдештери. Акын жан дүйнөсүндө адамга жалаң гана жакшылык, жылуулук тартуулап турган, аурасы мээримдүү жаркын жүз болгону жазган ырларынын мазмунуна да камтылат.

 

КЫЗЫ ТӨРӨГӨН ЭНЕ

— Сыздады го жаны кейип денеси,-

Деп кайгырат төрөгөн кыз энеси.

Эне чиркин көз алдына тартылат,

Жаны кейип жаткан кыздын элеси.

 

Бала төрөп бакты тапса баласы,

Кыйналды деп эне кейит карачы!..

Кечегидей ал энеге сезилет,

Ошол кызы төрөлгөн күн арасы.

 

Бала келсе бактыга үй тунбайбы,

Келечекти мына ушулар курбайбы.

Адамзаттын өмүрү өчпөй тутанып,

Так ушинтип кете берет турбайбы.

 

СУУК КОЛ

Суук колун төшөгүмө узатып,

Карылыктын келгенине өкүнөм.

Кечээ гана жаштыгымды көрүшкөн,

Кейиштүүрөөк замандаштар өзүмөн.

 

Арбаңдатып ач кенедей жабышкан,

Колду түртүп, коё тур деп өтүнөм.

Карылыкты каалабаган бүгүн маа,

Капалуураак замандаштар өзүмөн.

 

Барган сайын батып барат тырмагы,

Баса келип төшөгүмдүн четинен.

Сумсайышат суук колдон кызганып,

Сулуулугум кетпегендер эсинен…

 

КЕТКЕНДЕРДИН АЙЛЫНДА

Тирүүлөрдүн айлында бирге жүргөн,

Тамашалуу сүйлөшүп жайдар күлгөн.

Канча курдаш карасам көчүп кетти,

Кечээ гана келберсип өмүр сүргөн.

 

Кеткендердин айылы катар турат,

Күмбөздөрдүн мезгилден четтери урап.

Көз жаш менен сугарып коюп кеткен,

Гүлдестелер саргайып күнгө куурап.

 

Кеткендердин айылын аралаймын,

Кейий берип жүрөктү жаралаймын.

Эрте-кечтир бир күнү кедемин го,

Эмнеликтен буларга каралаймын…

 

Дүйнө деген бирде толуп, бирде бөксөрүп, бирде кубантып, бирде муңайтып турат экен. Акын бул тууралуу төмөнкү төрт сап ырында өзү да буга моюн сунуп:

 

Ушул дүйнөң өкүнүчтүү чеги жок,

Кургуруңа өкүнбөгөн киши жок.

Өкүнүчсүз болор болсо ар качан,

Далай нерсе өтө бермек изи жок…-деп жазган.

 

 

Булак: Кыргыз маданият борбору

Даярдаган Элиза Кочкор кызы

Монтаждаган Белек Култаев

Ж.Акбаров

 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031