ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Омор Султанов: “Армансыз адам болбойт”.
Аудио угуу

 

Кыргыз эл акыны, Омор Султановду поэзиянын султаны деп аташат. Анткени, анын сүйүү ырларын кимдер гана билбесин. Арзуу ырынан “Ак булуттарга” чейин ар бир окуган жана уккан инсандын кан-жанына синген саптар, ар бирибиздин махабат сезимибизди ойготот. 

“Мен эми, кайда кетип, кайда барам?

Багытым калды сынып, карып сапар.

Дарчыдай басып өткөн араң-араң,

Сүйүүнүн ок жолундай жолуң татаал” — деп өзгөчө сүйүү ырлары менен ашыктардын акынына айланган бул акынды ким билбесин. Поэзияга суусагандар гана жута тургандай сөз гүлдөрү терилген котормолору да өзүнчө керемет. Бул уктуруубузда биз адл ушул жогоруда биз сөз кылган Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун ыр дүйнөсүнө баш багабыз.

Билбейм кайдан табылгансың сен мага,

Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.

Сени сүйдүм буйрук алып тагдырга,

Башкалардын миңи сага татыбай.

 

Же атайы сен жаралып мен үчүн,

Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.

А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн?

Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң.

 

Биз жолуктук Майдын жумшак түнүндө,

Ал түн мага сени эскерткич белектей.

Мен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдө,

Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

 

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,

Ойлоруң да ойлорума киришкен.

Биз экөөбүз эки сандай барабар,

Биз экөөбүз эки суудай бириккен.

 

Кыргыз Акын, жазуучу, киносценарист жана коомдук ишмер Омор Султанов Жети-Өгүз районунун Тосор айылында 1935-жылы 6-ноябрда туулган. Ал ХХ кылымдын соңундагы кыргыз поэзиясындагы жаңы агымдын өкүлү болгон. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасы  болуп да иштеген. «Жаңы Ала-Тоо» журналын негиздегендердин бири. Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн.

Анда акындын мынтип жазганы бар.

“Карала-Арча деген жерге май айында, жаздын толуп турган кезинде Топурак-Белден көчүп бардык. Топурак-Бел деген күбүрөк менен шыбактан башка көгөргөн чөп чыкпаган, боз адырдан абасы аңкыган көк майсан жайлоого келгенде башка бир дүйнөгө келгендей болот экен киши.

Жердин кооздугу, тоолордун бийиктиги, карагай чер, тоо ылдый куюлуп келип токтоп калган төө коргулдар, бетти бербей жайылып өскөн жапжашыл арчалар, сайда шылдырап аккан булактын үнү – койчу, деги күн-түн дебей сулуулук менен сырга толгон айлана мени башка бир табышмактуу дүйнөгө алып келгенин сезсем керек, буулуга берчүмүн.

«Карала Арча» деген ырды жазганымда ошондогу чукуранып ойгонгон назик бир сезимдин алгачкы кайрыктарынан болсо керек деп жазганып, ойлойм азыр да.

КАРАЛА АРЧА

Карала Арча – калган жаштык, балалык

Кайтчудаймын барсам баарын таап алып.

Мен бармынбы, сен барсыңбы андагы

Кээде олтуруп мезгилди ойлойм таң калып

 

Жаз аяктап, жашыл шире май бүтүп

Жайлоо дегдеп мал аягын түрүлтүп.

Көчүп барып этегиңе кончу элек

Көк жашаңга көзүбүздү сүйүнтүп.

 

Эртең менен күн шашкелеп турганда

Көз тойчу эле бир көк жашыл жыргалга.

Андай көрктү мүмкүн эмес айтууга

Ашкан укмуш сүрөт, же бир ырларда.

 

Кандай эле каз таңдайлуу кумайлар?!

Улар таштан үндөчү эле уларлар.

Келишчү эле оюн салып куюлуп

Узун кырда жаткан семиз субайлар.

 

Бээлер жуушап… бейпил оттоп айрымдар

Окуранып тынчтык бузуп айгырлар.

Амалы жок аралыктан көз таштап

Бир-бирине арзуусу бар сай-кырлар.

 

Аска башын Айга сунуп жиберип.

Тастар-Ата асман-көккө тирелип…

Жатаар эле көлөкөгө капталып

Кичүү тоолор улуу тоодон ийменип.

 

Канча болду андан берки мезгилге

Кой кайтарып жүрүп эрте бешимде, –

Көздөн учуп Көлдүн көпкөк элеси

Мен жакага качкан күнүм эсимде…

 

Ошондон соң бир-эки жай каттабай

Чоло тийбей, жолум түшпөй, кайрылбай.

Кетип калдым окууга өтүп шаарга

Сени эскерип бир барууга жарабай.

Азыр болсо көрбөгөнүм калбаган

Санаа санап, ой ойлонуп сандаган.

Ар жыл сайын эмненидир жоготуп

Кайра ордуна эмненидир таап алам.

 

Жоготконум табылгандан кымбаттай

Баскан жолум баса электен ыраактай, –

Бараткансыйм ушундай бир учурга

Катуу күйүп кароолонгон чырактай.

 

Мурун, кийин угуп, же бир көрбөгөн

Ылдыйы жок, жалаң кыя өр менен, –

Илкип-салкып улам жүгүм оорлоп

Мен бир жакка бара жаткан өңдөнөм.

 

Карала Арча калган жаштык, балалык

Кайтчудаймын барсам баарын таап алып.

Мен бармынбы, сен барсыңбы андагы?!

Мезгилди ойлойм кээде олтуруп таң калып.

Ошондой абалдарым катмарланып отуруп, эң алгачкы китебимдин аты кантип «Тоо күндөрү» аталганын сезип-билбептирмин кайда, кийин-кийин байкап, билдим. Андагы «Кыйылып турам» деген эң алгачкы ырым кантип жазылганын билбейм. Бирок ага азыр окуп алып таң калам. Бул ой толгоо көп томдон турган чыгармаларынын 1-томундагы баш сөз – «Поэзияга келаткан жолдо» деген өмүр баян-романынан кыскартылган үзүндү болду.

Жылкы айдап үрүң-бараңдан,

Жылганы бойлой бастырсам.

Жайлоонун салкын абасы,

Эркелей согуп астыртан.

Көңүлгө сиңген гүл жыты ай,

Көркөмү менен мас кылган.

 

Ашуу-Төр менен Чолок-Төр,

Эңседим сени сагынып.

Жадырап өскөн гүлдөрүң,

Жакама үзүп тагынып.

Аваным созсом бөлүшчү,

Аскаңан чыккан жаңырык.

 

Тоодогу өскөн балалык,

Тобулгу чикит чабышып.

Бир күндө он жол урушсак,

Он жолу кайра табышып.

Куушуп ойноп жүрчү элек,

Кулундар менен жарышып.

 

Ушинтип жүрчү күндөрүм,

Бүлбүлдөп узап баратат.

Кыйылып турам кош дебей,

Кымбаттуу курбум бала чак.

Мен тойбос жаштык кезимди,

Мезгилим колдон талашат.

 

Бул ырдын тарыхына бир аз токтолсок, залкар обончу Асанкалый Керимбаев 1978-жылы Омор Султановго аккордеонун көтөрүп келип, «Ак булуттар» деген ырына обон жаратканын айтып ырдап берет. Буга чейин деле ал акындын бир топ ырларына обон жаратып келгени менен ушул «Ак булуттар» деген ыр көңүлүнө өзгөчө жакын экенин айткан. Теңтуштарынын айтуусунда Асанкалый « Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин «Ак булуттарды» ойнотуп келгиле » деп керээз кылып айткан экен» дейт Омор Султанов.

 

«Чарчоонун жүзүнчү ырын» кандайча жазып калдыңыз?-деген суроо акынга көп берилет. Акындын айтуусунда чарчоонун чоң себептери бар. Чындыгында чарчайм деп эле чарчай берсе, бул анткорлук болор эле. Лирикалык каармандын чарчоосу азаптуу, машакаттуу күрөштүн чарчоосу. Омордун чарчоосу — чарчатпастын чарчоосу.

Поэманын эң акырында мындай деген саптар бар:

Мына бул

үшкүрүктүн арасынан

кысылып араң чыккан

ышкырык сыяктанган

— «Чарчоонун жүзүнчү ыры»

Чарчагандар эмнеден

Чарчаганын билише элек

Канча көңүл чарчап калды

калуудан

Айтпа акылдын чарчаганын

Эң жаман

Бирок эми, мейли билсин

Чарчагандар чарчаганын

Эгер андай болсо эле биз

Чарчоонун жүз биринчи

ырын жазбай

башка эле бир

ырды жазып беребиз.

Поэманын квинтессенциясы мына ушунда. Жетилбеген коом адамдарды, андагы адамдар бирин-бири болор-болбос нерседен чарчата берет тура.

Ал эми жазуучу Сейит ЖЕТИМИШЕВ мындайча ой кошот:

«Чарчоонун жүзүнчү ыры» аттуу ырлардын циклин окуганда кандайдыр бир «роман» окугандай канааттанам. Бул — өзүнчө ыргак менен жазылган, өтө кылдат окууну талап кылган айрыкча оригиналдуу, өзгөчө чыгарма. Омордун чыгармачылык өмүрүндөгү адам суктана турган катаал да, касиеттүү да көрү нүш.

 

Акын болуу кандай кыйын?!

Оңой болуу —

Президент.

Акын угат чөптүн да ыйын

укпайт аны президент.

Акын болуу кандай оор!

Жеңил болуу —

Президент.

Акын жүгү —

Бүтүн бир доор.

Төрт жыл иштейт Президент.

Курбум, калемдешим, замандашым Омор, «чөптүн да ыйын» уккан чабыттуу акын-деп белгилейт макаласында.

Омор Султанов поэзия менен бирге котормо жанрында да изденип, дүйнөлүк атактуу акындар Габриэла Мистральдын, Пабло Неруданын, Владимир Маяковскийдин, Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун поэзияларынан которгон. Түзүлгөнүнө 30 жылдан ашуун убакыт болуп калган Лермонтов сыйлыгын Омор Султанов 12-лауреат болуп алды. Буга чейин белгилүү Кайсын Кулиев, Расул Гамзатов, Давид Кугультинов, Мустай Карим, Владимир Соколов өңдүү атактуу акындар — Орусиянын Лермонтов сыйлыгынын ээлери болушканы маалым.

       

Акындын «Отузунчу станция», «Сен жөнүндө поэма», «Жан берели сүйүүгө», «Адамдын турмушу» жана башка чыгармалары окурмандарга жакшы белгилүү. Андыктан анын Улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган «500 сом» аттуу ырына назар салалы:

— Кээде апта эмес, барар элем күнүгө,

Сакем турган жазуучулар үйүнө,

Жаш болсом да, байкап калып жүрүпмүн,

Кандай жашап күн өткөрдү тирүүндө.

 

Кемпири өлгөн, уулу Сыргак бар болчу,

Жашаган үй, бөлмөлөрү тар болчу,

Ал үйдөгү жазуучулар ичинде,

Сакем бирок жанып турган шам болчу.

 

Бардар баары, илебине дан бышып,

Байкаганга баарысынан ал кызык,

Саякбайга салам бербей өтүшчү,

Тойдон тоюп келатканда кан кызып.

 

Азыр кээси картайышты бүрүшүп,

Таяк менен өмүрдү аста сүрүшүп,

Сырттанга окшош ал кездеги Сакеме,

Башка айла жок, сынтакканды билишип.

 

Ал анткени Саякбайда акча жок,

Карып калган, дуулап турган жаш да жок.

Карт кабыландай басыгында сүрү бар,

Аны баалап, кадырлаган баш да жок.

 

Күн күркүрөп, кайран киши өлгөндө,

Жер дүңгүрөп Ала-Арчага көмгөндө,

Айкөлдүгү ар кимге азыр сезилет,

Беш жүз сомдон Саякбайды көргөндө.

         

“Арман! Армансыз адам болбойт деген сөз бар. Менимче тагдырына ыраазы адамда арман болбойт. А мен болсом тагдырыма ыраазымын. Арманды адам өзүнө өзү таап берет” – деп бул сөздөр Кыргыз Эл акыны Омор Султановго таандык. Ооба, замандаш бул менен кыргыз поэзиясынын агым канчалык күчтүү экенин түшүнүп биле алабыз. Кийинки уктурууларда угушканча, саламатта турунуздар!

 

Даярдаган Элиза Кочкор кызы

Монтаждаган Белек Култаев

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31