ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Акыркы эки күн ичинде үч адам унаа алдында калып каза болду

Акыркы эки күн ичинде үч адам унаа алдында калып каза болду. Биринчи окуя Бишкекте болгон. Анда мас абалындагы айдоочу 17 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз алган жараатынан улам шол жерде жан берген. Кийинки окуя Нарында болгон. Кочкор районунда катуу ылдамдыкта келе жаткан женил машине жолдо кетип бараткан жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзгөн. Үчүнчү окуя Талас болусунда катталды. Анда жол жээгинде велосипед сүдүрөп келе жаткан 10-класстын окуучусу унаа алдында калган. Адистер жөө жүргүнчүнү коюп кеткен учурлар көбөйгөндүгүн белгилешет. Эн көп кырсык Бишкек шаарында катталууда. Ошондой эле акыркы эки күн ичинде унааны башкара албай эки адам каза болду. Алардын бири 30 жаштагы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы.

 

<< April 2018 >>
SuMoTuWeThFrSa
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930