ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Кытайдын Ганьсу провинциясында ири жол кырсыгы 15 адамдын өмүрүн алды

Кытайдын Ганьсу провинциясында ири жол кырсыгы орун алып, 15 кишинин өмүрүн алды. 44 адам жаракат алышкан. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады. Кырсык кечээ, ишемби күнү кечинде катталган. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп, 31 унааны коюп кеткен. Акыркы алынган маалыматтарга караганда окуядан 15 адам көз жумуп, 44ү жаракат алышкан. Алардын арасынан 10 адамдын абалы оор. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочу кырсыкка тормоздун иштен чыгышы себеп болгон. Айдоочу жеңил жаракат алган, ал колго түшүрүлүп, тергөө иши жүрүүдө.

<< April 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930