ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Президент С. Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышып жатат.

Сүрөткө түшүү аземинен соң Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү тар жана кеңейтилген курамдардагы жолугушууга бет алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууну уюштурганы, жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн россиялык тарапка  жана Россия Президенти Владимир Путинге ыраазылык билдирди жана 2018-жылы Биримдиктин органдарындагы төрагалыгынын ийгиликтүү жана жемиштүү аякташы менен аны куттуктады, ошондой эле Армения премьер-министри Никол Пашинянга 2019-жылы ийгиликтүү төрагалык кылуусун каалады.

«Биз чек аралар аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө маселени талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз. Атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууну болтурбоо боюнча кабыл алынган чараларды терең талдап, натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык уюм катары Биримдик жөнүндө дайыма позитивдүү пикирди калыптандырууга тийишпиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

<< March 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
     12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31