ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Индонезияда цунами жүрүп, 43 адамдын өмүрүн алды

Индонезияда цунами жүрүп, 43 адамдын өмүрүн алды. Ошондой эле 584 киши ар кандай жаракаттарды алган. Окуя Зонд кысыгынын жээктеринде болду. Куткаруучулардын берген маалыматына караганда дагы 2 киши дайынсыз. Цунами бир катар мейманканаларды жана үйлөрдү кыйраткан. Эске салсак,  быйыл сентябрь айында Индонезиянын Сулавеси жарым аралында 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кийинирээк ошол эле аймакта 7, 4 баллды түзгөн зилзили болуп, Палу шаарын 2 метрге чейин жеткен цунами каптады. Анда кырсыктардан 2 миңден ашуун адам курман болуп, 5 миңге жакынын жабыр тарткан. 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031