ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлөт

 

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлөт. Тийиштүү токтомго кол коюлган, ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет.бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде айтты. Өкмөт башчы ошондой эле акыркы жылдары актуалдуу эсептелип келген аталган маселенин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төлөөчүлөрдүн салык органдарынын кызматкерлери менен түз байланышын азайтуу максатында салык органдарына камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчетторду электрондук түрдө берүү боюнча сервисти ыкчам тартипте ишке киргизүүнү тапшырды.

 

<< January 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031