ТҮЗ ЭФИР



Ар дайым алдыда!

Биздин жыштыктар:    Бишкек-Чүй FM 89.6    Ош-Баткен FM 102.9    Жалалабад FM 107.7    Спутниктин аты TURKSAT 3А 42° жыштыгы:11639 FEC3/4 ылдамдыгы 3700

Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, жолдон өтө албай калган 9 жүргүнчү куткарылды

Жалал-Абад облусунда кар көчкү түшүп, жолдон өтө албай калган 9 жүргүнчү куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Казарман-Актал-Чат унаа жолунда көлөмү болжол менен 9 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен 1 жеңил унаа, 2 оор жүк ташуучу КамАЗ унаасы өтө албай калган. Жалпысынан 9 жүргүнчү жолдо калган. Жерине куткаруучу топ, жол тейлөө ишканасынан техника тартылган. Кечээ, 6-февралда саат 17:15те тартылган күчтөрдүн аракетинде унаа жол бир тараптуу ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыты боюнча сапар алышты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: Супер.кж
https://www.super.kg/kabar/news/261993/

<< April 2019 >>
SuMoTuWeThFrSa
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930