ТҮЗ ЭФИР
«Сен менин жазылбаган ырларымсың» ырын созгон Светлана Назаренко
31.10.2019

Москвадагы «Город 312» эстрадалык тобунун ырчысы кыргызстандык жердешибиз Светлана Назаренко бүгүн туулган күнүн белгилөөдө. Светлана 1970-жылы 17-октябрда Фрунзе шаарында туулган. 7 жашында ырдап чыккан. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн соң Москвага аттангандан бери аталган топто ырдап келет. Кыргызча ырларды да катыра ырдап жүрөт. Айтылуу “Дарак ыры” киносундагы ырларды Жылдыз Осмоналиева менен Светлана Назаренко экөө аткарышкан.