ТҮЗ ЭФИР
АКШда аза күтүү күнү жарыяланды
05.08.2019

  Техас штатынын Эл-Пасо шаарындагы «Walmart» дүкөнүнүн жанында жана Огайо штатында Дейтон шаарында 13 сааттын ичинде эки башка куралдуу кол салуу болуп, анын айынан 29 адам каза болгонун жана  ондогон адам жарадар болгону ММКларда жарыяланды.

Эл-Пасодо ок аткан адамды полиция кол түшүргөнгө чейин ал 20 адамды атып өлтүрүп, ондогон адамды жарадар кылды. Прокурорлор ал мындай кадамга «рассалык жек көрүүдөн» улам барышы мүмкүн деп билдиришти жана бул окуяны «ички терроризм» деп сыпатташты. Ал эми Дейтондогу жайкын тургундарга кол салган адам эмнени көздөгөнү азырынча белгисиз, ал колго түшүрүү учурунда атып өлтүрүлдү. АКШда жыл башынан бери ушуну менен 22 куралдуу кол салуу болду.

АКШнын президенти Дональд Трамп Техас жана Огайо штаттарындагы куралдуу кол салуудан курман болгондорду эскерип , Ак үйдөгүдөн баштап бардык мекемелердеги жана чет өлкөлөрдөгү Кошмо Штаттарга таандык жайлардагы желектерди түшүрүү тууралуу буйрук берди.