ТҮЗ ЭФИР
Акын Нурлан Калыбеков: Мыкты талант, мыкты ырды жаратат
23.04.2019

Тыпырап бутум жерге тийип тийбей,

жүрөмүн, жүрөм чуркап,

жаткансып өмүрүмдү бирөө уурдап.

Мен шашам, мезгил шашат,

кечээки ой максатым,

эскирди кайра бүгүн,

кечээки текке кеткен кайран күнүм -  учурда дал ушул өзүнүн ыр саптарында белгиленгендей, буту жерге тийип, тийбей чоң жоопкерчиликти моюнга алып эмгектенип жургөн  Нурлан Калыбеков агайыбызды угуп жүрөбүз. Анда бүгүнкү “Жүрөк сыясы” көркөм  адабий-музыкалык уктуруубузда белгилүү акын,  Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, эл аралык жана республикалык адабий сыйлыктардын ээси Нурлан Калыбековдун ырларын сунуштайбыз.

Каарман тууралуу кыскача маалымат

Нурлан Калыбеков Аксы районунун Аркыт айылында 1973-жылы 21-сентябрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин, 1998-жылы “философия” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн. Эл  аралык "Нур борбор" чыгармачылык академиясынын негиздөөчүсү катары белгилүү.  Кыргыз өлкөсүнүн Жолон Мамытов, Казакстандын Мукагали Макатаев, Габит Мусрепов, Орусиянын Сергей Есенин атындагы адабий сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси жана 90го жакын китептин автору.

АПАМ ЖАНА МЕН

Мен бала элем, апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

Кайда барса ийик түшпөй колунан,

Ат баштыктай мен да, түшпөй жонунан.

 

Кумурскадай чарчабаган, тынбаган,

Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган.

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар,

Оо, ал тургай мезгил белин сындыраар,

 

Көөдөн көзү көрө билген, дили курч,

Макалдатып сүйлөй билген,тили курч,

Сөзгө дагы, бөзгө дагы маш эле,

Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

 

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,

Чөптөр бийлеп, таштар дагы каткырып

Тураар эле, бирок биздин дубалдан,

Көздөн, сөздөн, балким кара дубадан,

 

Онтогон үн чыгаар эле жаңырып,

Асман, жердин мейкиндиги тарылып.

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп,

Үй кабагын турчу муңдуу күү коштоп.

 

Атам сулап жатаар эле төшөктө,

Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

Кандай күнгө кабылгам мен, катыгүн,

Оору менен алпурушуп аттигиң,

 

Сыртта эркек, үйдө аял болдум не?

Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

Оору эмес, ооруп көпкө жаткандар,

Нагыз ооруу, ооруу жанды баккандар,

 

Ыйлап алчу, кээде ушинтип бышактап,

Кош тизесин колу менен кучактап.

Деген менен кайраты мол жан апам,

Тагдырына бий, болуштай, хан апам.

 

Жерди кармап турган өңдүү огунан.

Касиети обочо эле тобунан,

Бирок, аттиң мезгил ийрип ийигин,

Алды акыры өз колуна бийлигин.

 

Бербейт кайра, жалынсаң да бербестир,

Кайран жаштык асылсаң да, келбестир.

Карылыктын жүгүн артып жонуна,

Таяк берип, мээнет кетпес колуна,

 

Боюн аштап, ийип койду эңкейтип,

Сынын алып, тишин күбүп кемшейтип.

Апам тургай, менден учуп каакымы,

Каш какканча өттү жаштык закымы.

 

Ошол күндөн, ушул күнгө агылып,

Онтогон үн, кейиген ый жаңырып,

Аба жетпей, араң-араң дем алып,

Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып,

 

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,

Онтоп, кейип келе жатам шор басып.

Мезгил өзүң, оңдо, менин катамды,

Атамдан соң, мен карыттым апамды...

 

Мен бала элем, апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

АВТОПОРТРЕТ

Кимсиң өзү,

кайдан келдиң, баратасың каякка?

Сен үчүн бүт, баары эски,

керектөөдөн чыгып калган кудайлар,

жок, сенде түк идеал.

Бутуң бокто жүргөн менен

ойлоносуң көк менен,

асман менен жашайсың,

жашагандар жер менен

ырыскыңды жеп жатышат чокулап.

Деги кимсиң?

Жалгыздыкты жактырган,

жакпайт сага жүргөн жандар топурап,

кеткиң келет дербиш болуп жер кезип,

чыккың келет Гималайдын башына,

тооп кыласың

Шаман сымал Ата-Журттун ташына.

Жаткың келет кээде,

түбөлүккө топуракты жазданып,

карманасың өзүңдү,

ыйлап ийе ташташыңа аз калып,

көзүң чалса тентип калган жандарды.

Деги сенде ар барбы?

Арам тамак бектер менен хандарды

жылаңачтап айдактап,

келет сенин кең көчөнү айланткың.

Теңдегиң бар жөн койсо,

тектүү менен тексиздерди

таразанын ташына.

Эч ыраазы болбойсуң,

күндөгү ичкен ашыңа,

жакпайт сага көр дүйнөнүн оокаты,

жалтыр-жултур буюмдары көздү алган.

Жакпайт сага жол башчылар из салган,

жүргүң келбейт изи менен алардын.

Кудайды да издебейсиң, көктөн сен,

баш ийбеген эч кимге,

өз билгенин бербеген бир, көк бет сен.

Деги кимсиң,

Качан, кайда житесиң?

ЧАЛГЫЛА

Өзүмө - өзүм батпайм,

ички отум алоолонуп көктү серпет,

оолугуп, жээлигемин,

акылым бууркандап ашып - ташат.

Бу мезгил кайда шашат?

Күнүңкү ишим бүтпөйт,

бүтсө да маңызы жок,

таң атат, иңир кирет,

уктасам уйкум канбайт.

Жайылып олтургум жок дасторконго,

карылар кеп кылчу эле:

Кармалат кайран өмүр дасторкондо.

Жоо кууп келаткандай,

чуркаймын кай жакадыр,

бир мүнөт тыным алсам,

оокатым өтпөөчүдөй сезилгенсийт.

Тыпырап бутум жерге тийип тийбей,

жүрөмүн, жүрөм чуркап,

жаткансып өмүрүмдү бирөө уурдап.

Мен шашам, мезгил шашат,

кечээки ой максатым,

эскирди кайра бүгүн,

кечээки текке кеткен кайран күнүм.

Сооп иш кылсам эгер, эртең менен,

башканын сыйын көрөм түш оогондо,

бирөөнү сөктүм эле,

жаңы эле кетти ашатып башка бирөө.

Менин, мээм жетпей койду,

силерге берем суроо:

Убакыт неге мынча тез өтүүдө?

эмне үчүн мезгил мага өчөшүүдө?

убакыт чалмасыбы чагылгандын?

Чалгыла 0771121840

Нурланбек Калыбеков буга чейин окурмандарга “Нур дүйнө”, “21”, “Кожоюн”, “Суроокана” аттуу бир нече ыр жыйнактарын тартуулаган. Орус тилинде жарык көргөн китептери да бар. Ырлары орус, казак, азербайжан тилдерине которулган.

А.Осмоновдун “Ата журт”, Ж.Мамытовдун “Издейм сени”, Т.Кожомбердиевдин “Мен тоолордун уулумун” аттуу китептерин түзгөн.

АЛА-АРЧАДА

Кызык эле, бу тагдыр, кызык эле,

Ортобузда бир сезим ысык эле...

 

Ыр жазчубуз экөөбүз, сырдашчыбыз,

Көкүрөктө катылган сырды аччыбыз.

 

Мен Алыкул, ал болсо Айдай болуп,

Эки бети албырып Айдай толуп...

 

Келээр элек акындын кабырына,

Суктанып да, кейип да тагдырына.

 

Чырайына суктанып көргөндөр да,

Турушчу эле көрүнөн өлгөндөр да.

 

Куруп калган өңдөнүп башка жерлер,

Кезикчү жер, арасы муздак көрлөр...

 

Муздак көрлөр, Күнгө да жибибеген,

Ысып турчу махабат деми менен.

 

Байкап карап тургандай арбактар да,

Жарк-журк этип от жанчы нар жактарда.

 

Муздак көрлөр үйүбүз болгучакты,

Муздак ажал алкымдан соргучакты.

 

Ысык сезим ортодо жанат - деппиз,

Ысык сезим түбөлүк калат - деппиз.

 

Келечекти куруппуз кыял менен,

Жан болбоптур кыялың тый, ай - деген.

 

Жеп койду бейм, тилекти ач арбактар,

Күнөө кимде, келечек, мезгил актаар.

 

Көрүстөндө канатын жайган сезим,

Көрүстөндө көмүлгөн кайран сезим.

 

Келем кээде, жалгыздык жанга батат,

Айдайы жок, Алыкул жалгыз жатат.

 

Калам мен да, бир күнү жер алдында,

Айдайы жок жатамын көр алдында.

 

Буйрубаган бир сүйүү жер үстүндө,

Буйрумакпы катыгүн жер астында.

 

Каякта бул дүйнөнүн баш, аягы?

Өзүмдү таппай, көзүм кашаябы?..

Келатам жарык кууп мен өмүрдө,

Өңдөнүп тирүүлүктүн машаягы.

Кыргыз адабиятына бараандуу салым кошуп келе жаткан Нурлан Калыбековдун ырлары жана чыгармачылыкка жасаган мамилеси өзгөчө экенин белгилешет санаалаштары. Ырлары бир окуган адамга түшүнүксүз, татаал формада берилгенин жана терең философиялык мазмунда жазылганын акындын эмгектери менен таанышамын деген ар бир адам дароо байкайт.

 

Даярдаган:          Э. Кочкор кызы