ТҮЗ ЭФИР
Алматы — Нур-Султан багыты боюнча кырсыктаган учакта кыргызстандык да болгон
27.12.2019

 Бүгүн 27-декабрда эрте менен "Bek Air" авиакомпаниясына таандык "Fokker-100" учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Ичинде, баштапкы маалыматка караганда, 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Алматынын акимчилигинин соңку билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жетти. 66 адам ооруканада.

Маалыматта самолеттун абага саат 7.05те көтөрүлгөнү, эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаганы айтылат.

"Учак ичинде 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бар болчу. Самолет күйгөн жок. Дароо эле куткаруу иштери башталып, эвакуация жүрдү.", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык азыр ооруканада жатат. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

"Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын бир жараны ооруканада" деди ТИМ өкүлү.

Кырсык боюнча Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлдү. Каргашанын чоо-жайы такталып жатат.