ТҮЗ ЭФИР
Арзыгүл Абдибалиева: «Ушул бир күн, жүз жылдарга болсун тең»
23.04.2019

Арыбаңыздар ардактуу "ЭлFM" радиосунун угарман,сайтыбыздын окурмандары! 

Бүгүнкү чыгарылышыбызда биз, Орусия жергесинде эмгектенип жүргөн, өзү кесиби боюнча филолог, бир нече очерктердин, макалалардын автору, ыр жазуу менен чыгармачылык чыйыр жолго аттанган Арзыгүл Абдибалиеванын  ыр дүйнөсүнө сарасеп салабыз.

Бакыт деген эмне?

Бакыт качан коштойт деңиз адамды,

Үй-бүлө тынч, ден-соолугуң болгондо

Бакыт качан коштойт деңиз адамды

Ата-энең маңдайында болгондо

 

Бакыт качан коштойт  десе адамды,

Заманаң тынч, элде ыйман болгондо

Бактылуулук коштойт качан адамды,

Кылган иштин үзүрүн сен көргөндө.

 

Бакыт өзү ой жүгүртчү эмине?

Акча, алтын, байлык эмес билгенге.

Адал жашап ак өткөнүн дүйнөдөн,

Адам деген атка ылайык болгондо.

 

Бакыт деген балдарыңдын көзүнөн,

Дал бакыттын учкундарын сезгенде.

Бакыт деген бул бир келчү өмүрдө,

Өзүн сүйгөн адамына жеткенде.

 

Бакыт деген эң оболу, баарынан,

Бул ааламда тынчтык өмүр сүргөндө. Ушул сыяктуу акындын бир топ ырлары  Красноярск шаарындагы «Эне-Сай кайрыктары» ыр жыйнагына киргизилген. Анда сөз башынан болсун, акындын бейнесине токтолуп өтөлү.

 

Абдибалиева Арзыгүл Бакировна 1978- жылы Ош областынын

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Сарай айылында туулган.

Ош Мамлекеттик Университетин филология жана журналистика факультетин аяктап, эмгек жолун орто мектепте балдарга  билим берүү менен баштаган.

Мугалимдик кесипти аркалоо менен бирге чыгармачылык деген улуу жолго аттанып, алгачкы ырларын жазууга киришет. Турмуштун агымына жараша, учурда Карсноярск шаарында эмгектенип, жашап келет.

Ойлуу акын

Олтурат ойго батып жалгыз акын,

Тамчыдан ырларына боек издеп.

Ой келет, түркүн-түркүн жаш башына,

Турмуштун ары татаал жолдорунда.

 

Өчүрөт, кайра жазат, ойго тунат,

Үмүтү калдык жалгыз ырларында.

Дүйнөнүн көркөмдүгүн сыйдыралбай,

Түйшөлөт издейт улам, сызып кайра.

 

Жашоонун жазылбаган, жаңылбаган

Баш ийип жашачу эле, мыйзамына.

Кол шилтеп, баарысынан кечип салып,

Кеткиси келип турду, ыр ааламга.

 

Ал дүйнө акын үчүн бийик эле,

Адамдык акча менен өлчөнбөгөн.

Куулугу, шумдугу жок, аруулуктун,

Жаралган көркөм дүйнө жашайт эле.

Кеткиси келип турду ойлуу акын,

Ушундай кереметүү, кооз дүйнөгө.

 

Каарманыбыз учурда Орусияда эмгектенип жатса да, аны менен байланышып, бир топ суроолорубузга жооп алгыбыз келди. Маектешим ырга караганда, кара сөзгө жакындыгы тууралуу оюн билдирип өттү.

Белгилей кетсек, акындын жазган ырлары, очерк, макалалары буга дейре бир канча гезиттерге жарыяланып келген. Мындан сырткары,

«Эне-Сай кайрыктары» деген ыр жыйнакка да кирген. Андыктан, Арзыгүл Абдибалиева эмгек шарты, турмуш түйшүгү деп гана тим койбостон, Карсноряск шаарындагы атайын түзүлгөн адабий клубга да мүчө болуп чыгармачылыгын улантып келет.

ТУРМУШ ЖОЛУ

Турмуш жолу неге мынча таштактуу,

Капастагы мен бир байкуш канаттуу.

Ден сеземин мен өзүмдү негедир.

Алы кеткен бир гаранчы сыяктуу.

 

Жылдар өтпөй өзгөрүлүп сен дагы,

Кычуун бүтпөй, катуу жиниң кайнады.

Кыжалаттык ээлеп алып өзүмдү

 Саат эмес, минут сайын кыйнады.

 

Ортобузда эч бир сүйүү болбоду,

Үйүбүздү бүт муздактык бийледи.

Жазыгы жок наристелер чыркырап,

Биздин жашоо эч оңоло албады.

 

Намыс, намыс мен сен учун жашадым,

Жан дуйнөмдү балталадым, чайнадым.

Кур намыстан, куру бакыт курам деп,

 Бул жашоодо эмне болду тапканым?.

 

Ичтин өллө, эч оңоло албадын,

Балдарынды ойлободуң, алганың.

Өмүр бою кегиң бардай тагдырда,

Бир да күнгө ыраазылык айтнадың

 

Өкүнүү

Өкүнөм сени көрбөй калганыма,

Жан дүйнөм азыр билсен жалгыздыкта.

Кунт коюп угуп койчу сөздөрүмдү .

Экөөбүз эми чындап эки жакта!

 

Күтүүнүн күнөөкөрү болуп эми .

Билинбей канча өмүр өтөөр экен

Мен сени тээ бир кылым күткөн менен

Жолубуз кезигишпес жолдор экен.

Мейли сен жолукпагын,кезикпечи.

 

Апакем

Түн бир оокум, айланамда жымжырттык,

Уйкум келбей эске түшсо апакем.

Калың кийин айланайын дегениң,

Коз алдыма кайра, кайра элестеп.

 

Арыктапсың, кече барсам күзүндө,

Сана тартып эзилипсиң күнүгө.

Кечи рапа, кала албадым жаныңда,

Жөлөк болуп каарып калган чагыңда.

 

Ошентсе да амандыгым тиледиң,

Түйүнчөк ачып, алып бердиң белегиң.

Койгун балам, мен ооруган жокмун деп,

Эркелеттиң кайра өөп жыттадың!

 

Канча өмүр өттү өзүңдөн алыста,

Тойгон жокмун мээримине азыр да.

Сен күнүмсүң аптабыңа жылынтаар,

Дагы барам ысыт апа кучакта!

 

Дүйнө сендей ичи тышы баары кең,

Асман сендей чалкып жаткан мейкинде.

Тунук суумсуң шаркыраган тоодогу,

Кечир апам, кала албадым жаныңда.

Каарманыбыздын жеке үй-бүлөсүнө кайрылсак, учурда Арзыгүл эжекебиз 5  баланын энеси. Буга дейре "Ыйык тил" медалы менен сыйланган. Ал эми учурда "Унутулгус ошол кун"аттуу прозалык чыгарманы басмага даярдап жатат.

 

KYTYП AЛ

Күтүп алгын, кабак бүркпөй бүгүн сен.

Баарын кечип таштап сага барам мен.

Күтүп алгын күлүп, жайнап жадырап.

Таппай жүрүп таалайыма кезиккен.

 

Тосуп алчы гул которуп бугун сен.

Толбой жүргөн бөксөө көңүл кубансын.

Тосуп алгын аяр кармап колумдан.

Адаштырбай таппай жүргөн жолумдан.

 

Сага жакчу, ак көйнөгүм кием мен.

Сени көздөп булут менен сызам мен.

Күткүн барам, сүрдөбөсмүн кечикпейм,

Ушул бир күн, жүз жылдарга болсун тен.

 

Кыялымда мен издеген жан биргем,

Бүгүн барам, бүгүн барам бүгүн мен.

Жарпын жазып тосуп алчы кубанып,

Ушул бир күн жылдыздарга болсун тен.

 

Бул чыгарылышыбызда сиздер менен чет жерде иштеп жүргөн мекендешибиз, акын Арзыгүл Абдибалиеванын ыр дүйнөсү тууралуу окуй алдыңыздар. Чыгармачылык ийгиликтер жаралсын! 

даярдаган: Элиза Кочкор кызы