ТҮЗ ЭФИР
Бишкекте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө эки миңдей милиционер катышат
31.12.2019

 

Жаңы жылды майрамдоо түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт.  

Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтөт. Эстрада жылдыздарынын концерти болот.

Концерт аяктагандан кийин коомдук автотранспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт. Троллейбустар сегиз багыт боюнча каттамдарды кечки саат 10до башташат.

Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара аяктаганча “Тез жардам” жана өрткө каршы кызмат күзөттө болот. Ошол эле жерде 20 биотуалет орнотулат.

«Тазалык», «Бишкекжарык» бригадалары кызматта болот.