ТҮЗ ЭФИР
Булганыч аба ден соолугубузга кандай таасир этет?
10.03.2019

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, көрүнбөгөн "киши өлтүргүч" деген атка конгон булганган аба жылына жети миллион адамдын өмүрүн алат.

Буга чейин булганыч аба альцгеймер жана деменцияга (алжып калуу) алып келээри аныкталган. Окумуштуулар булганыч аба өзгөчө улгайган адамдарга терс таасир этээрин айтышууда.

Дүйнөдөгү булганыч аба көйгөйү - статистика

Жылына жети миллиондон ашуун адам булганыч абадан көз жумат

2016-жылы булганыч абадан улам Жер шарында 4.2 миллион адам каза тапкан

Дүйнө калкынын 91 пайызы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму абасы кир деп тапкан аймактарда жашайт

Индиянын 14 шаары дүйнөдөгү абасы эң кир деп таанылган 20 калаанын катарына кирет

Дүйнөдөгү он адамдын тогузу булганыч абаны дем алат

Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

Өндүрүш Чаңы көпчүлүк учурда организмге кыйла зыян келтирет. Ал канчалык майда болсо абада ошончолук көпкө чейин кармалып, дем алуу органдары аркылуу өпкөгө кирип, түрдүү оорулардын пайда болушуна себеп болот. Чаң айрыкча пневмокониоз, бронхит ооруларына чалдыктырат. Мындай оорулар узак убакыт түрдүү өндүрүш Чаңы менен дем алып иштөөдөн пайда болот. Адам дем алган Чаңдын составына жараша пневмокониоз бир нече түргө бөлүнөт. Мисалы, кварц Чаңынан — силикоз, көмүр Чаңынан — антракоз, темирдүү Чаңдан — сидерос пайда болот. Мындай ооруларды болтурбоо үчүн абанын чаңдашына каршы күрөшүүнүн түрдүү ыкмалары жүргүзүлөт. Ал үчүн өндүрүштү механикалаштыруу жана автоматташтыруу, желдетүү, жабдууларды бекем жабуу жана башкалар колдонулат. Өзгөчө жеке коргонуу каражаттарын (респираторлор) туура колдонуу чоң мааниге ээ.