ТҮЗ ЭФИР
Чокморовдун 80 жылдыгына карата көргөзмө ачылды
31.10.2019

 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды. Маалыматка ылайык,  "Эсимде" деген аталыштагы  көргөзмө Сүймөнкул Чокморов менен анын жубайы, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салима Шабазованын элесине арналган. Иш-чара актердун уулу Бактыгул Чокморовдун демилгеси менен өткөрүлүп жатат.  Көргөзмөдө Чокморов тарткан сүрөттөр жана архивдик сүрөттөр коюлган. 17-ноябрь – Кыргыз кино күнүндө Чокморовдун 80 жылдык мааракеси белгиленет.