ТҮЗ ЭФИР
Индияда полиция менен кагылыштан 23 адам набыт болду
23.12.2019

Жарандык тууралуу жаңы мыйзамга каршы митингге чыккан эл менен полициянын кагылышуусунан Уттар-Прадеш провинциясында тогуз адам курман болду.  Набыт болгондордун көпчүлүгү жаштар.

Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы нааразылык акциялары аталган мыйзам кабыл алынган 11-декабрдан бери бир нече шаарларда уланып жатат. Жалпысынан бул аралыкта полиция менен кагылыштан 23 адам набыт болгону кабарланды.

"Жарандык жөнүндө" мыйзамга ылайык, Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан качып келген мусулман эмес адамдарга Индиянын жарандыгы жеңилдетилген шартта берилет. Нааразылыкка чыккандардын бир бөлүгү бул мыйзам мусулмандардын укугун чектейт деп эсептейт.

Индияда 200 миллионго чукул адам ислам динин карманат.