ТҮЗ ЭФИР
Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү жерге берилди
09.08.2019

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана башкалар катышты.Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү операция учурунда алган оор жарааттан каза болгон. 47 жаштагы Ниязбеков Орусияда жашаган кыргызстандык акын Өктөм Мамаеванын уулу, эгиздин түгөйү. Артында алты баласы калды.