ТҮЗ ЭФИР
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда
02.08.2019

 Өзбек өкмөтүнүн башчысы Абдулла Ариповдун Бишкекке иш сапарында негизинен өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапарын уюштуруу маселесинде болду. н 1-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев  Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушу. Жолугушууда М. Абылгазиев кыргыз-өзбек мамилелери кызматташтыктын стратегиялык жаңы деңгээлине чыкканын айтты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 500 миллион долларга жеткирүү пландалды.Бул көрсөткүч буюрса  ушул жылдын аягына чейин ишке ашары белгиленди.

Эскерте кетсек  Ш.Мирзиёев Бишкекке быйыл июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн келип кеткен. Ага чейин 2017-жылдын сентябрь айында алгачкы мамлекеттик сапар менен келген.