ТҮЗ ЭФИР
“Тунгучта” ипотека менен жаңы турак жай берилди
28.12.2019

«Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча медицина, билим берүү, маданият жана социалдык тармактын кызматкерлери Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы тогуз кабаттуу үйдөн батир алышты.Батирлер баштапкы төлөмсүз, насыянын жылдык үстөгү алты пайыз менен 15 жылга берилди. Турак жай аларга насыя толугу менен төлөнүп бүткөндө гана катталат. Бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бардыгы бир бөлмөлүү, алардын максималдуу аянты 75 чарчы метр.135 батирлүү үйдүн ачылышына катышкан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Турак жайды ижара менен сатып алуу» долбоору боюнча жарандар биринчи жолу батир алып жатканын айтты. Расмий маалыматка караганда, «Мамлекеттик ипотекалык компания» иштеп баштагандан бери өлкөдө 4 500 киши турак жай алды.