ТҮЗ ЭФИР
2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды
02.01.2020

 Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктоосунда:

- Балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл, - деп билдирди.

Президент мамлекет балдарга карата камкордугун күчөтөрүн айтып, ошол эле кезде быйыл өлкөнү санариптештирүү иши да уланарын кошумчалады.

Өлкө башчы 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган. 2019-жыл болсо «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп белгиленген жана билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү пландалган.

 2019-жылы «Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулду.